Сауд Аравиясынан делегация келди

Сауд Аравиясынан делегация келди
Кечээ, 10-майда,     КР маданият, маалымат жана туризм министрлигине  Кыргызстандагы  Сауд Аравия  Падышалыгынын толук ыйгарымдуу элчиси  Абдурахман  бин Саид Аль-Жума    жана  Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн  туристтик операторлор Ассоциациясынын  башчысы  Халид Аль Аламмар Кувейттен келген делегаттар менен бирге келишти.
Чет өлкөлүк меймандарды Туризм департаментинин жетекчи орун басары Чубак Оморов Кыргызстандагы ички туризм  боюнча бир катар маалыматтарды баяндады. Ошондой эле күзүндө өтүүчү Дүйнөлүк Көчмөндөр  оюндарына жана Араб өлкөсүнөн  туристтерди чакырды.
Меймандар Бишкек–Сауд Аравиянын шаарларына  каттай турган авиакаттам жүргүзүү  боюнча, туристтер үчүн  маалыматтарды англис жана араб тилдеринде  жазууну сунуш кылышты. Кыргызстандын  табиятына  кызыкдар экенин жана  элибиздин  меймандостугун баалаганын   баса белгилешти.
Ал эми 10-майда Сауд Аравия делегациясы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада жана Алыкулдун музейинде болушту. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты