“Сом—эгемен Кыргызстандын символу”

“Сом—эгемен Кыргызстандын символу”
Бүгүн, 11-майда, Бишкекте кыргыздын улуттук валютасы—сомдун 25 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө. Анда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сүйлөп, Кыргызстан 1993-жылдын 10-майында мурунку СССР өлкөлөрүндө биринчилерден болуп, өз акчасын киргизгенин, сомдун азыркы жана келечектеги ролуна токтолду.
“Жыйырма беш жыл аралыгында биздин улуттук валютабыз татаал жолду басып, глобалдык экономикалык кризистердин катаал сыноосунан өттү. Акча-кредит саясатынын өз алдынчалыгы инфляциянын өсүшүн басаңдатып, сомдун кунун түшүрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок, ал эми банк жана төлөм системалары өзүнүн туруктуулугун көрсөттү. Бүгүнкү кыргыздын сому мурунку советтик доор өлкөлөрү ичинде туруктуу валюталардын бири болуп саналат” деди мамлекет башчы.
С. Жээнбеков ошондой эле сом— акча-кредит саясатынын өз алдынча жүргүзүүнүн символу гана болуп эсептелбестен, эгемен Кыргызстандын калыптанышында маанилүү роль ойногонун белгиледи.
Президент сомдун мааракесинде Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы институттарынын сомдун калыптанышындагы ролу тууралуу да айтты.
Банк системасынын келечектеги милдеттерине токтолду:
“Эми Улуттук банк кыска мөөнөттүү максаттар менен катар узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылган саясатты активдүү жүргүзүшү керек. Банк секторун өнүктүрүү менен анын экономикадагы ролун жана өлкөнүн экономикасындагы реалдуу секторду, инвесторлор менен акча сактагандарга жагымдуу шарт түзүп, алдыңкы технологияны пайдалануу менен төлөм системасын өнүктүрүү керек” деди.
“Кластердик мамилени өнүктүрүү аркылуу кошумча нарк тутумун түзүүгө багытталган жаңы финансылык институттарды ишке киргизүү талап кылынат. Антаандаштыкка туруштук берген долбоорлорго кредит берген, ишкерликти жана жана аймактарда жумушчу орундарын түзүүгө багытталган финансылык-кредиттик институттардын ишин активдештирүү керек. Акча ресурстардын жана банк кызматтарынын жеткиликтүү болушуна бардык аймактарды жагымдуу шарт түзүү керек” деди мамлекет башчы.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле сом банкнотун чыгарууга салым кошкон сүрөтчү, тарыхчы жана аны түзүүгө катышкандардын бардыгына ыраазылык билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты