Армения: Никол Пашинян премьер болуп шайланды

Армения: Никол Пашинян премьер болуп шайландыАрмениядагы оппозициялык кыймылды жетектеген Никол Пашинян парламенттин атайын жыйынында премьер- министр болуп шайланды.

Пашинянды 59 депутат колдоду, 42 депутат каршы чыкты.   Panarmenian билдиргендей, Пашинян Армениянын 16-премьер-министри боьлуп калды.

Өлкөнүн борбордук аянтында миңдеген адамдар парламент жыйынын түз эфирден көрүү үчүн чогулушту. Пашиняндын шайланганын укканда алар кол чаап, кубанып кыйкырып турушту.

Оппозиция башчысы кызматка келгенден кийин мамлекеттик башкаруу жаатындагы кадрлардын баарын алмаштырып жибербесин билдирди.
Эскерте кетсек, Еревандагы толкундоолордун он биринчи күнү Армениянын премьер-министри Серж Саргсян отставкага кеткен эле. Саргсян он жыл Армениянын президенти болгон.

26-апрелде ондогон миң адамдар көчөгө чыгып, парламентти мөөнөтүнөн мурда таратуу боюнча талаптарды коюшкан. Анткени парламент Саргсянды премьер-министр кылып шайлаган эле.

Ал эми 1-майда парламент Никол Пашиняндын талапкерлигин премьер-министрликке колдобой, массалык каршылык көрсөтүү  акциясы болгон. Пашинян буга чейин болуп өткөң толкундоолорду  “бархут революциясы” деп атаган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты