Алардын айтымында, өрттөн бардык товарлары күйүп кеткендиктен алар тезинен жардамга муктаж. Акцияга чыккандардын бири Рыскүл Мокенова өрттөн жабыркагандарга көңүл бурган киши болбой жатканын айтты:
— Биринчиден, бизге ордубузду тууралап беришсин. Экинчиден, компенсация төлөп берсин. Бир тыйыны жок калдык. Эмне менен иштейбиз? Ссуда берсин.
Ош базары тараптагы «Берекет» базарында 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр соода аянты күйгөн. 300дөй соодагер жабыркаган.
Буга чейин өкмөт өрттөн жабыркаган соодагерлерге жардам көрсөтүүгө убада берген.
Өрткө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Берекет» базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.