Кыргызстанда доллардын куну кескин өскөнү байкалууда

  • 2 года мурун

Бишкекте бир нече коммерциялык банктын сайтында АКШ долларынын сомго карата баасы 94-95 сомго чыкты. Валюталарды анализ кылган valuta.kg порталында саат 16:00гө карата бир нече банк АКШ долларын 94-95 сомдон сатып жатканын көрсөтүүдө.

Муну менен бирге акча алмаштыруучу жайларда жана айрым коммерциялык банктарда доллар сатуу токтотулганы айтылууда.

Улуттук банктын сайтында доллардын курсу 24-февралга карата 84 сом 80 тыйын деп турат. Улуттук банк 27-январда акыркы жолу 86,5 млн. доллар интервенция кылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты