“Солтон-Сары” киреше бере баштады. “Макмал” көйгөйлүү болууда

 

“Солтон-Сары” киреше бере баштады. “Макмал” көйгөйлүү болууда

Бүгүн, 10-майда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Кыргыз алтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбековду кабыл алганда үч жылдан бери биринчи жолу “Солтон-Сары” кени киреше бере баштаганын, ал эми “Макмал” көйгөйлүү болуп жатканын билдирди.

Алмазбек Алимбековдун айтуусунда, “Солтон-Сары” кени үч жыл мурун эле чыгашалуу болсо, 2017-жылы 21 млн сом киреше берди. Ал эми 2017-жылы “Кыргызалтын” боюнча жалпы киреше, Центерраны кошопогондо, 99,5 миллиона сом болду. Салык жана төлөмдөр боюнча республикалык бюджетке 16 млн түштү. Ал эми бюджетке төлөнгөн жалпы төлөмдөрдүн көлөмү 536 миллион сомду түздү .

Ал эми негизги көйгөй—кээ бир кен байлык жерлеринде кен азайып, жабылууга түртүүдө. “Макмал”болсо Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95 пайызын, 1000 жумушчу орунду камсыздап турат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Макмалдын” ишин токтотпой, анын маселесин кароо керек экенин билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты