Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия маалыматы каралып атат

Жогорку Кеӊеште Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия маалыматы каралып ататЖогорку Кеӊеш жыйынында Бишкек шаарынын Жылуулук-электр борборунда болгон авариянын себептерин жана анын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалыматы каралат.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин 2018-жылдын 2-февралындагы жыйынында Өкмөттүн Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чугуу себептери жана анын кесепеттерин жоюу жаатында маалыматы угулуп, анын жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлгөн.
Комиссиянын курамына 12 депутат кирген: Улан Примов (комиссия төрагасы), Данияр Аттокуров, Аалы Карашев, Аида Касымалиева (КСДП), Айбек Алтынбеков, Акылбек Жамангулов («Республика — Ата Журт»), Умбеталы Кыдыралиев, Исланбек Сарсейитов, Алмазбек Токторов («Кыргызстан», Исхак Масалиев («Өнүгүү — Прогресс»), Мыктыбек Абдылдаев («Бир Бол»), Сайдулла Нышанов («Ата Мекен»).

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты