Райым Матраимов боюнча соттун кезектеги отуруму 17-майда болот

Райым Матраимов боюнча соттун кезектеги отуруму 17-майда болот
Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун Сапар Исаковдун премьерлиги тушунда кызматынан мыйзамсыз алынды деген доосун бүгүн, 10-майда карап, сотту 17-майда улантмай болду.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы 2-майда Биринчи май райондук сотунда каралмак. Бирок сот иши тараптардын сотко келбей калганынан улам, 10-майга жылган болчу.
10-майда Исаковдун юристтери документтерди кеч алгандыгынан улам, аны менен таанышууга убакыт керектигинен, сот отурумун жылдырууну суранышты. Бирок сот документтер менен кийинчерээк деле таанышууга болот деп сот отурумун улантышкан.
Матраимовдун адвокаты эмгек тартибин бузгандыгы тууралуу документти көрсөтүүнү талап кылды.
“Бажы кызматы Матраимовду кызматтан бошотуу боюнча көрсөтмө бербегенин тастыктап жатат, ал эми өкмөт өкүлү Бажы кызматынан андай документ келип түшкөн деп жатат. Анда өкмөт ошол документти көрсөтсүн” деди Матраимовдун жактоочусу.
“Менин жактоочума эмгек тартибин бузду деген акты менен таанышууга уруксат берилген эмес. Андан дагы кызматтан алынган убакта чет өлкодө дарыланууда жүргөн. Ал 3-20-январда чет өлкөдө болгон” деди адвокат Н. Каражинская.
Өкмөт Матраимовду коорупционер деп атаса, бирок бир да козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат жок экенин эскерте кетти.
Ошондой эле Жалпыга маалымдоо каражаттарында мурунку премьер Сапар Исаковго мурунку президент Алмазбек Атамбаев Матраимовду кызматтан алуу керек деп айтканы тууралуу маалыматтардан улам жактоочу Атамбаевдин антип тапшырма берүүгө укугу жок болчу, ал учурда президент эмес эле деди.
Сотто жактоочу тарап Райым Матраимовду актап, Бажы кызматынын төрага орун басарлыгына кайра кызматка отурушун суранууда.
Бул боюнча кийинки сот отуруму 17-майда улантылат.
Айта кетсек, Райымбек Матраимов «негизсиз жумуштан алды» деп экс-премьер-министр Сапар Исаковду сотко бергенин мурдагы бажычынын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” билдирген: — Инимди 23-ноябрда жумуштан алганда биз эч нерсени түшүнбөй калдык. Бул биз үчүн күтүүсүз болгон. Мен ошол замат премьер-министр Сапар Исаковго кирип, жөн -жайын сурагам. Исаков экс-президент Алмазбек Атамбаев “кызматтан бошот деп айтты, ошондуктан мен иштен алдым” деди. Атамбаев кийин маалымат жыйынында өзү деле “Матраимовду бошот деп мен айткам” деди го. Бул маселеде дагы башка жагдайлар бар, алар кийин ачыкка чыгат” деген Искендер Матраимов..
Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков буйругун «анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт» деп негиздеген. Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналганын жарыялаган.
Бир тууган Матраимовдор болсо бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилиши сыяктуу объективдүү себептер түрткү болгонун айтып чыгышкан.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, эл ичинде «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимов кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов аркылуу дайындалганын маалымдагынан 5-апрелде айрым басылмалар жазып чыккан.
«2015-жылы Алмазбек Атамбаев жана досум Икрамжан Илмиянов аркылуу мен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалгам. Мен дайыма КСДПга пайдалуу болууга аракет кылып келдим. Азыр да өзүмдү партия менен бир командадамын деп эсептейм», — деген Матраимов. Ал ошондой эле журналисттерге айткан сөзүндө экс-президент 31-марттагы маалымат жыйынында өзүн неге сындаганын түшүнбөстүгүн билдирип, мурда Алмазбек Атамбаев менен эч кандай пикир келишпестик болбогонун билдирген.
Райымбек Матраимов өзү иштеген мезгилде бажы тармагынан түшкөн киреше дайыма жогору болгонун белгилеп, 2017-жылы он айда 27 млрд. 700 млн. сомду мамлекеттик бюджетке түшүргөнүн, бул өкмөт койгон пландан дээрлик 300 млн. сомго көп болгонун айткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты