“Каухар” борборунан өрт чыкты

“Каухар” борборунан өрт чыктыОрто-Сай базарынын жанындагы “Каухар” бизнес борборунан бүгүн, 8-майда өрт чыгып, өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бизнес-борбордон чыккан өрт тууралуу кабар саат 11: 30 да түшүп, ал бир саатка жакын убакытта өчүрүлгөн. Имараттын бешинчи кабаты өрттөнүп жаткан.
Өрттүн чыгуу себептери, келтирилген чыгымдары эсептелип жатат.
Акыркы мезгилде Бишкек шаарында өрт кырсыгы күч алды. 7-майда Чүйдүн Аламүдүн районунун Мрамор айылындагы Эркин эономикалык аймактан болжол менен түнкү саат 2:30да өрт чыккан.

Айта кетсек, ушул жылы эле январь, март, апрель айларында Ош базарында үч ирет өрт чыккканы маалым. Тактап айтсак, 30-январда, 5-мартта, 13-апрелде Ош базар соода-рыноктук комплексинин аймагында өрт чыккан. Ал эми 13-апрелде Жалал-Абаддын борбордук базарында чыккан өрттөн улам ишкер жарандар жабыркап, мамлекетке жалпысынан жүздөгөн миллиондогон сом зыян келген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты