Абылгазиевдин кортежи жол кырсыгына кабылды

Абылгазиевдин кортежи жол кырсыгына кабылды7-8-апрелде Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапарында жүргөн өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди коштоп бара жаткан машина жол- транспорт кырсыгына кабылганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.
Маалыматка караганда, өкмөт башчыны коштоп бара жаткан Toyota Land Cruiser 200 жана Lexus LX570 7-майда болжол менен саат 12 де Ош-Бишкек жолунун 605-чакырымында болуп өткөн. Азырынча так маалыматтар бериле элек.
Өкмөт башчы “Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышты жана Жалал-Абад шаарындагы №6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Ош облусунда Мухаммедкалый Абылгазиев жазгы-талаа иштеринин жүрүшү жана Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы жана Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү менен таанышты.
Мындан тышкары, Араван-Сай дайрасында салынган жаңы көпүрөнүн ачылышына катышып, 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин абалынан кабар алды.
7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө 2017-жылдын 29-апрелиндеги жер көчкүдөн жабыркаган Өзгөн районунун Аюу айылынын тургундары менен жолугушту.
Жер көчкүдөн кийин Аюу айылынын тургундары Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл жана Ынтымак айылдарына көчүрүлгөн.
Учурда мында электр жарыгын киргизүү, ичүүчү таза суу менен камсыздоо жана билим берүү обьектилерин жана тийиштүү жол инфраструктурасын куруу иштери жыйынтыкталууда.
Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ачы массивинин жана Араван районунун Кең-Сай тилкесинин өздөштүрүлүшүнүн жүрүшү менен таанышты.
Кең-Сайда 30 тилке турак-жай курууга бөлүнгөндүгү тууралуу маалымат берилди. Мында техникалык жол салынып, суу үчүн резервуарлар даярдалган.
Өкмөт башчы бюджеттик каражаттардын сарпталышына катуу көзөмөл орнотуу менен курулуш иштерин өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты