Акжол Сулайманбеков: “Ар бир мушкер төрт курдун ээси болсом дейт. Мен да ошону максат кылдым”

Кыргызстандын бокс боюнча үч жолку чемпиону, мушкер Акжол Сулайманбек уулунун World Boxing Association Asia версиясында чемпиондукту жеңип алганы мекенибиздин туусун дагы бир жолу желбиретти. Акжол бул чоң чемпионаттан кийин туулуп өскөн Баткен шаарында эс алганы келди. Алдыда аны мындан дагы чоң максаттар күтүп турганын бизге берген маегинде айтып берди.

Акжол Сулайманбеков: “Ар бир мушкер төрт курдун ээси болсом дейт. Мен да ошону максат кылдым”

— Акжол, жалпысынан канча кур тагындың? Алар кайсы чемпионаттардыкы, сен үчүн кайсынысынын орду чоң?

 — Азыркы учурда мен эки курдун ээсимин. Алгачкысын туура бир жыл мурун “WBC Азия версиясы” турниринде багындыргам. Анда орусиялык мушкер Денис Лашин менен беттешип, жеңип алгам. Экинчисин болсо ушул жылдын 22-апрелинде Екатеринбург шаарында өткөн “WBA Азия версиясы” турниринде Венесуэлалык мушкер Леонардо Падилла менен рингге чыгып, упай боюнча утуп, жеңишке жеттим. Бул эки курдун менин жашоомдо орду чоң. Анткени экөө тең чоң эмгектин артынан келди.

 — Ошол чемпионаттарда азыр Кыргызстандын аты менен чыгып жатасыңбы же Орусиянынбы? Орусия болсо эмнеге ал жакты тандадың?

— Спортчулардын көпчүлүгү, чоң спортко келгенде, ар кандай уюмдар же клубдар менен келишим түзүп, карьера курушат. Мен да Екатеринбург шаарында жайгашкан “RCC Boxing Promotion” уюму менен келишим түзгөм. Бирок рингге чыгып жатканда, өз өлкөм, Кыргызстандын желеги менен чыгам.

— Канча жылдан бери машыгасың?

— Бокско келгениме он сегиз жылдын жүзү болду. 2000-жылдан тартып машыгып келем.

 — Спорттун бул түрүнө келишиңе эмне түткү болду?

— Мага чейин менин байкелерим спорттун бул түрү менен машыгып келишкен. Менин да, аларды көрүп, бокско кызыгуум артып, машыга баштагам. Андан сырткары менин машыктыруучум чоң роль ойногон. Мага бокстун негиздерин үйрөтүп, чоң спортко келишиме машыктыруучум себепкер болду.

Акжол Сулайманбеков: “Ар бир мушкер төрт курдун ээси болсом дейт. Мен да ошону максат кылдым”— Жеңиштериңди дос-туугандарың кандай кабыл алды?

 — Ар бир адамдын жакындары ал адамдын ийгиликтеринне сүйүнөт эмеспи. Менин да туугандарым, досторум жеңишимди сүйүнүү менен кабыл алышты. Алар мага ар дайым колдоо көрсөткөнгө аракет кылышат.

— Кечээ бир каналдан апаңдын берген маегин көрүп калдым, сен рингге чыкканда аябай сарсанаа болорун айтты. “Кой, балам, беттешке чыкпай эле койчу” деген учуру болобу?

 — Ар бир эле ата-эне, өзгөчө апалар, балдары мушташып жатса сарсанаа болот болуш керек. Бирок, ата-энем мени колдогондугу үчүн андай сөздөрдү уга элекмин. Бул сөздөрдү эжелеримден көп угам. Анткени алар дарыгер болгондуктан, башыңа муш жесең доо кетип калышы мүмкүн деп менин ден соолугума кам көрүшөт. Бирок ата-энем, бир туугандарым мени колдоп турушат.

— Кайсы жердин кулунусуң?

— Өзүм Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айылында туулгам. Үй-бүлөдө беш бир тууганбыз, эң кичүүсүмүн.

— Чоң спорт менен машыкканда өзүнчө жашоонун эрежелери бар болсо керек. Диета кармайсыңбы, кандай тамактарды жейсиң, күнүнө канча саат машыгасың?

— Албетте спорттун өзүнүн эрежелери бар. Күнүнө беш саат, кээ бир учурларда андан көп машыгабыз. Эртең менен саат жетиден баштап бир жарым саат чуркап, ар кандай көнүгүүлөрдү жасайбыз. Кечке маал болсо денеге күч келтирип машыгабыз. Профессионалдуу боксто тамактануунун өзүнүн эрежелери бар экен. Күнүгө алты маал тамактанабыз, диета кармайбыз. Рингге чыгарда таттуу, туздалган, камыр тамактан баш тартып, туура тамактанганга аракет кылам. Себеби беттеште өзүңдү дени сак жана жеңил сезбесең ийгиликке жетишпейсиң.

— Биринчи чыккан беттешиң эсиңдеби?

— Албетте. 2001-жылы Баткендин борбордук стадионунда Нооруз майрамына карата турнир уюштурулган. Ошол турнирде 32 кг категориясында район чемпиону аталгам. Ошол менин алгачкы беттешим жана ийгилигим десем болот.

 Акжол Сулайманбеков: “Ар бир мушкер төрт курдун ээси болсом дейт. Мен да ошону максат кылдым”— Эң күчтүү атаандашың ким болду?

— Менин эң күчтүү атаандашым акыркы Венесуэлалык мушкер болду десем болот. Анткени ал өзүнүн карьерасында он алты жолу рингге чыгып, бардыгында жеңишке жетиптир. Эң маанилүүсү, ал мушкер он алты беттештин он үчүн нокаут менен жеңиптир. Бул атаандаш чон коркунуч туудуруп жаткан, бирок, ага карабастан мен жеңишке жеттим.

— Алдыда кандай максаттар, чемпионаттар бар?

 — Ар бир беттештин алдында “Ошол беттешти” жеңем деген максат коём. Азыр сентябрда боло турчу беттешке машыгып, даярданып жүрөм. Андан сырткары, дүйнөдөгү ар бир боксчуга маанилүү болгон төрт курду багындырам деген максат койдум.

— Анан “Ушундай чемпиондун сүйлөшкөн кызы барбы?” – деп кыздар кызыгып жатышса керек, аларга жооп берип кой…

— Менин сүйлөшкөн кызым бар. Жакын арада ата-энемдин колун узартып үйлөнсөм деп жатам. Буюрса, күзүндө тойго келиңиздер

Чолпонбек Сабырбеков

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты