Путин өкмөт башчылыкка Медведевди сунуш кылды

Путин өкмөт башчылыкка Медведевди сунуш кылды

Бүгүн ант берип, төртүнчү президенттик мөөнөтүнө расмий киришкен Владимир Путин премьер-министрликке кайра эле Дмитрий Медведевди сунуш кылды. Мыйзамга ылайык, президенттин сунушун Мамлекеттик дума карап, бекитиши керек.

Путиндин эски санаалашы Дмитрий Медведев премьер-министр катары 2012-жылдан бери иштеп келе жатат. Ага чейин төрт жыл Орусиянын президенти болгон. Бул учурда Путин өкмөт башчы кызматын аткарып турган.

65 жаштагы Владимир Путин бүгүн ант берип, дагы алты жылга Орусиянын президенти кызматына расмий киришти. Анын төртүнчү президенттик мөөнөтүнө каршы 5-майда Орусиянын ондогон шаарында митингдер өткөн. 18 жылдан бери бийлик башындагы Владимир Путин жаңы мөөнөткө кызматка кириши менен эми Орусияда Сталинден кийин эле бийликте эң узак отурган лидер болуп калат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты