ЖЭБ боюнча корутундуга Сапар Исаковдун да аты кошулат

ЖЭБ боюнча корутундуга Сапар Исаковдун да аты кошулатБишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна борборду модернизациялоого иштерине түз жана кыйыр тиешеси болгон дагы бир катар саясатчылардын аттары кошула турган болду. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү, депутат Сайдулла Нышанов  билдирди:

— Биз өткөндө айыптуулардын катарында эки-үч адамдын аттарын айтып жатканбыз. Бирок бүгүн чечим кабыл алып, кагазды даярдаган кишиден баштап, кол койгон, катышкан кишилердин баарынын аты-жөнүн киргизе турган болдук. Баары кагаз менен тастыкталат. Алардын бирөө кол койгон, бирөө сунуш киргизген — ошолордун баары кошулат. Сапар Исаков боюнча Эсеп палатасына бир жерде жазылган каты бар экен, анда аты жазылган экен, ал да кирет. Биз аларды түз айыптуу деп айтпайбыз, бирок аларга саясий баа берүү жагын коебуз. Калган «ким айыптуу, айыптуу эмес» деген маселеге күч кызматтары тактап, чекит коет.

Нышанов буга чейин аттары кошулган эки адам мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана ошол кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев экенин билдирген. Анын айтымында, эми аттары кошула турган адамдардын арасында ошол учурда кызматта турган экономика министри Темир Сариев, финансы министри Ольга Лаврова жана азыркы мезгилге чейин иштеп жаткан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев да бар.

Буга чейин депутаттык комиссиянын эки мүчөсү, депутаттар Акылбек Жамангулов жана Алмазбек Токторов иликтөө корутундусуна кол коюудан баш тарткан эле. Алар корутундуда ЖЭБдеги кырсык жана аны оңдоого бөлүнгөн 386 миллион доллардын сарамжалсыз пайдаланышы боюнча жоопкерчиликтүү айрым адамдар тизмеге киргизилбей калганын айтып чыгышкан. Комиссиянын төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып корутундуга комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн сунуштары кошуларын айткан. Тыянак эртең, 8-майда жарыяланганы турат.

Буга чейин башка бир депутат, комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев ЖЭБди модернизациялоо боюнча мурдагы экс-премьерлер Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Бабановдун, Жантөрө Сатыбалдиевдин, Жоомарт Оторбаевдин, Темир Сариевдин жана мурдагы премьер, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдордун жоопкерчилигин караш керек экенин айтып чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты