Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиев Минскиде эскерилди

Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиев Минскиде эскерилди

Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгына карата Беларустун борбору Минск шаарында даңктуу жердешибиз, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевди эскерүү-реквием болуп өткөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 4-мартта Минскиде өткөн митингде Кыргызстандын Беларустагы элчиси  К. Өмүралиев жана Минск шаарынын Октябрь районунун администрация башчысы А. Жуковский сүйлөштү.

Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиев Минскиде эскерилди

Анда Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Жумаш Асаналиевдин 1944-жылдагы Беларуста жасаган эрдиги эскерилди. Минскиде 2005-жылдын 1-июлунда кыргыз жоокери Асаналиевге эстелик тургузулуп, Минскинин көчөсүнө анын ысымы берилген.

Митинг-реквиемге Минск шаарынын Октябрь районунун согуш ардагерлери, дипломатиялык корпустун жана КМШ өлкөлөрүнүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана мектеп окуучулары  катышты.

Айта кетсек, Жумаш Асаналиев 1923-жылы Ысык-Көлдө, Ак-Суу районундагы Отуз-Уул айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуш талаасында Беларуста пулеметтук эсептин командири оор жарадар болуп калганда, анын ордунда салгылашкан. Ал кооптуу жерде, душмандарга карай пулеметтон ок жаадырып турган. Пулеметтун огу түгөнгөндө граната ыргыткан. Акыркы гранатасы калганда душмандарды жакын келтирип, өзүн жардырып,  20 дан ашык душманды жок кылган. 1944-жылдын 22-июлунда Жумаш Асаналиевге курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наам ыйгарылган.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы тарабынан берилди.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты