КР Маданият министрлиги Роза Рымбаевага жардам берүүгө даяр экенин билдирди 

КР Маданият министрлиги Роза Рымбаевага жардам берүүгө даяр экенин билдирди Бишкек шаарында 3-майда өткөн жеке концерти  маалында Казакстан эл артисти, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Роза Рымбаева сахнада сүйлөп жатып,   оркестрдин коштоосунда ырдоону каалаганын билдирди.

«Бишкек – бул  борбор шаар, ошондуктан өз оркестри болгону туура» дегендей пикирин айтты.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм  министрлиги төмөнкүнү маалымдайт:

“Кыргызстанда бир нече: опера жана балет театрынын  симфониялык оркестри,  президентке караштуу   “Манас” камералык оркестри жана мамлекеттик  филармонияга караштуу оркестр бар.

Кийинки жолу Роза Рымбаева Кыргызстанга концерт коёр алдында  Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылса, биз жардам берүүгө даярбыз” деп билдиришти Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен.

Эске салсак,  Роза Рымбаеванын концертин жеке продюсерлер  уюштурган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты