Инагурациядан кийин В. Путиндин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө 

Инагурациядан кийин В. Путиндин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө Бүгүн, 7-майда,  Москва убактысы боюнча саат 12: 00 дө, Бишкек убактысы боюнча 15: 00 дө,   Россиянын президенти Владимир Путиндин президенттик мөөнөткө киришүү аземи  болот. 

Россия мамлекет башчысынын инаугурациясы Кремлдин Чоң ак сарайындагы Андреев залында ушуну менен 7-ирет өтмөкчү.

Аземди өткөрүүдө кандай жаңычылдык болот?  Россия ЖМКсы буларды кабарлайт: Россия президенти буга чейин көчө аралап, ардактуу эскорт менен келчү.  Азыр андай болбойт. Аземге катышкан коноктордун саны арбын, 5 миң адам катышып, мурункудан эки эсе көп болот. Парламентарийлер, чиновниктер жана башка белгилүү инсандар менен катар быйылкы жылы президенттик шайлоо кампаниясында иштегендер да келишет. Айрым меймандар аны Собор аянтынан күтүп турушмакчы.

Россия ЖМСсы инаугурацияга чет өлкөлүк меймандар арасында Италиянын экс премьери Сильвио Берлускони, Германиянын экс канцлери Герхард Шрёдер, Голливуд актеру жана экс губернатору Арнольд Шварценнегер келет деп айтылууда.

Россия президентинин анты 33 сөздөн турат.  Инаугурация аземин “Биринчи канал”, «Россия 1», «Россия 24» жана НТВ түз алып көрсөтөт.

Айта кетсек, В. В. Путиндин Кыргызстанга расмий сапар менен келээри тууралуу Россиянын КРдагы элчиси Андрей Крутько КР ИИМ министр орун басары Курсан Асанов менен болгон 2018-жылдын 20-апрелиндеги жолугушуусунда  билдирген.  Инаугурациядан кийин, бирок так числосу айтылган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты