Эркин экономикалык аймактан өрт чыкты
- 6 лет мурун
- Баяндар
Чүйдүн Аламүдүн районунун Мрамор айылында болжол менен түнкү саат 2:30да өрт чыккандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Эркин экономикалык аймактагы атайын жайды өрт каптаган. Дагы кошумча күч келип, эртең мененки саат 6:30 да өрт өчүрүлгөн.
Алдын-ала маалыматтарга караганда үч атайын жай (ангар) , 8 миң чарчы метр жер күйгөнү кабарланууда. Болжолдуу маалыматтарга караганда ондогон миллион доллар чыгым болду. Өрттүн кесепетинен келтирилген чыгым иликтенип жатат.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!