Байланыш тармагында ардагерлер эмгеги зор

Байланыш тармагында ардагерлер эмгеги зор1948-жылы Кыргызстанда биринчи жолу 4 радиотүйүн ишке киргизилген. Ошондон берки 70 жыл аралыгында байланыш тармагы өрүш алууда.

Учурда өлкөдө санарип коммуникациясын, ар бир аймакка радиотолкундун  жетишин камсыздоо, заманбап коммуникация технологиясын өнүктүрүү менен акылдуу жана коопсуз шаар, райондорду өстүрүү максаты коюлган.

Жакын арада өлкө толугу менен жеткиликтүү интернет жана санарип берүүлөр менен толук камсыздалат.

Байланыш тармагынын кызматкерлеринин аракети менен биз кыска убакытта санарип форматына өттүк. Байланыш тармагында айрыкча ардагерлердин ролу баса белгиленди.

Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев байланыш тармагынын 70 жылдыгы менен куттуктоосунда белгилегенин өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты