Дамирбек Асылбек уулун камоо мөөнөтү 15-майга чейин узартылды  

Дамирбек Асылбек уулун камоо мөөнөтү 15-майга чейин узартылды  Алма-Ата шаардык сотуна шилтеме берип, Tengrinews.kz агенттиги Кыргыз парламентинин экс депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана кыргызстандык жарандар Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадилов арасында болгон 15 жарандын камактагы мөөнөтү дагы узартылганын билдирди.

“Камоо санкциясы 15 кишиге 15-16-майга чейин узартылды, анын ичинде Кыргызстандан жарандары да бар.  Асылбек уулу Дамирбек менен Уланбек Мурадиловдун камагы 15-майга чейин, Чыңгыз Абакировдуку 16-майга чейин узартылды” деп айтылат ал маалыматта.

16-февралда алар Казакстандан контрабандалык товар менен кармалышкан. Асылбек уулу Дамирбек кармалган кезде КР Жогорку Кеңешинин депутаты болчу. Кийин анын Казакстандын да жараны экени белгилүү болуп, депутаттык мандатынан ажыратылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты