“Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабайт” дешет “ата мекенчилер”

“Өмүрбек Текебаев президенттен ырайым сурабайт” дешет “ата мекенчилер”

“Ата Мекен” партиясы президентке камакта жаткан Өмүрбек Текебаевге Конституция күнүнө карата ырайым сурап кайрылуу кат жолдогон. “Ата мекенчилер” акыйкатчы Кубат Оторбаевге ыраазылык билдирүү менен Өмүрбек Текебаев ырайым сурабай турганын, анткени күнөөсү жок экенин билдиришти.    

“Ата мекенчилер” акыйкатчы Кубат Оторбаевге ыраазылык билдирүү менен Өмүрбек Текебаев эч кандай ырайым сурабай турганын билдирди.    “Кечирим суроого эч кандай негиз жок. Себеби биз айыптуу эмеспиз” дешет Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары.

Ал эми “Ата Мекен”  партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова бардык документтер чогултулуп, аны тастыктоо гана калганын билдирди.

“Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев Убактылуу өкмөт жайгашкан №306 кабинетте Алмазбек Атамбаев олтурганын тастыктап бериши керек” деди юрист.

Сот учурунда ал кабинетти Убактылуу өкмөттүн мурунку мүчөлөрү жана Модин менен Маевский көрсөткөн. Модин менен Маевский Текебаевге ошол кабинетке келгенин айтышкан. Эгер кабинет Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болсо, алар кантип Текебаевге келишмек эле деп суроо салат “ата мекенчилер”.

Айта кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси менен айыпталып, 2017-жылдын 16-августунда сегиз жылга камалып кетишкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты