Апрелде дарыгерлердин айлыгын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүү пландалууда

  • 2 года мурун

1-апрелден тартып Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлык маянасын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда дарыгерлердин айлык маянасын көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Апрелден тартып дарыгерлердин айлыгы минималдуу 50%, мүмкүн болсо 100%га чейин көтөрүлөт.

“Учурда участкалык дарыгердин айлыгы 10 миң сомду түзөт. Бирок эмгек стажына үстөк акыларды кошкондо 15-20 миң сомго жакын акча алышат. Калган дарыгерлердин айлыгы 7,5 миң сомду түзөт жана башка төлөмдөр менен 13 миң сомдон 15 миң сомго чейин алышат”, — деди министр.

2021-жылы үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көбөйтүлгөн, бирок индикатор боюнча кошумчалары алып коюлган. Медицина тармагынын башка кызматкерлеринин айлыгы июль айында 50% жогорулаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты