Нариман Түлеев өзү эмес, Алмазбек Атамбаев элден кечирим сурашы керек деди

Нариман Түлеев өзү эмес, Алмазбек Атамбаев элден кечирим сурашы керек деди

Бүгүн, 4-майда, КСДПнын  Бишкек шаарынын экс-мэри Нариман Түлеев Алмазбек Атамбаевге жазган деп ЖМКга чыккан катына Түлеев фейсбук жеке баракчасынын бетинде жооп берди.

Орусчадан биздин редакциянын котормосунда  Н. Түлеевдин айткандарын  толугу менен келтирели: “Бүгүн КСДП мени Атамбаевден кечирим сураган имиш деген катын окуп, абдан таң калдым. Бирок мен кечирим сурагыдай эч нерсе кылган эмесмин.

Буга абдан күлкүн келет, анткени бул тантыгандык, анда алар ушундай кадамга неге барганын кыскача түшүндүрүп берейин.

Биринчиден, андагы жазуу менин колум менен жазылган эмес, бул одоно бурмалоо, мен каалаган кол жазма эксперттерине барып текшертүүгө даярмын.  Кыскасы, бул алардын башынан бери келе жаткан кара пиары, кандай документ болбосун, алар бурмалай беришет, бул менин ишиме эле тиешелүү эмес. Ал кезде бурмалоо жогорку деңгээлге чейин жеткен. Анын натыйжасында саясатчылар, журналисттер, сөз эркиндиги куугунтукталып, башында мамлекеттик саясат турган бурмалоо менен калп өкүм турду.

Экинчиден, аксакалдын билдирүүсүн мынча жакын алып, КСДП (тагыраак айтканда партияда бийликти менчиктеп алган кайсы бир бөлүгү) өлкөдөгү бардык процесстерге, ал тургай сот адилеттигине дагы,  активдүу киришкенин тастыктады. Азыр болсо, чын маалыматтар алардын кайсы бир жерин кычыштырып турат.

Үчүнчүдөн, КСДП өзү эчак эле кара пиар ичине кирип кеткен, анткени анын башка аргасы жок. Дал ошолор азыр өлкөдөгү абалды дүрбөтүп, турмуштун бардык процессине таасирин тийгизип, козөмөлдөгөнгө аракет кылып, козөмөлдөөгө укугу бардай сезип жатышат. КСДПнын катарында көптөгөн жөнөкөй, таза адамдар бар, мен аларды бузукулардын тобунан арылышын суранат элем, тигилер партиянын саясий беделин бузуп, коомду бөлүп-жарууга алып барат.

Мен Атамбаевден кечирим сурабашым керек, кайра ал элден кечирим сурашы керек, Нариман Түлеев өзү эмес, Алмазбек Атамбаев элден кечирим сурашы керек дедикоррупция үчүн, бузулган жана өзү башкарган сот системасы үчүн, жарандардын конституциялык укугунун бузулушу  үчүн, аттиш жана видеокамералар үчүн, бажыдагы контрабанда, Дача Су үчүн , Датка-Кемин үчүн, элди жр-жерлерге бөлүүгө жана башка көптөгөн иштери үчүн. Азыркы учурда мамлекеттик саясатка киришүүгө аракет кылгандыгы үчүн, дене тарбиячыларды жогорку мамлекеттик кызматка алгандыгы үчүн.

Кечирим сурап гана тим болбостон, бул үчүн анын жоопкерчилиги да каралышы керек.

Мен бул ыплас нерсеге киришким келген эмес, бирок алар мени өздөрү бул кадамга түртүп жатышат. Азыр жеке иштерим боюнча өлкөдөн тыш жактамын, бирок  келгенден кийин кеңири пресс-конференция өткөрөм, ошондо бардык суроолорго жооп берем, алардын мени кантип мокоткусу келгенин, Атамбаевден күнөом жок туруп кечирим сураттыргысы келгенин, акча жана мүлк алгылары келгенин. Алар элге таңуулап жаткан жөөлүгөндөрүнүн жана калптарынын баарына жооп берииши керек” деди Нариман Түлеев.

Буга чейин КСДПнын басма сөз кызматы 24 kg агенттигине Нариман Түлеев экс президент Алмазбек Атамбаевден бир нече жолу кечирим сураган деп айтканы маалымдалган.

“Экс президент Алмазбек Атамбаев Н. Түлеевден кечирим сурашын талап кылган эмес. Кызматтык кылмыш жасап кесилген кишиден эч кандай кечирим да күткөн эмес” деп айткан КСДП басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, Нарын облусунун аксакалы Калыбек Чолуев экс президент Алмазбек Атамбаев кечирим сураса, Түлеевди кечирип коюуга даяр болчу деп айтканы жарыяланган. Ага жооп катары КСДП басма сөз кызматы Нариман Түлеев жазды деген каттын көчүрмөсүн жогоруда аталган редакцияга жөнөткөн.

Сүрөттөр: Н. Түлеевдин жеке баракчасынан жана КСДП басма сөз кызматынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты