50 мүшөк бодо малдын териси контрабандасы менен кармалды
- 6 лет мурун
- Баяндар
Кыргызстандын чек арачылары кыргыз-тажик чек арасы аркылуу жергиликтүү жарандын Тажикстанга 50 мүшөк бодо малдын терисин контрабанда жолу менен алып баратканда кармады.
2-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Достук айылында жергиликтүү чек ара отряды Кыргызстандын жараны “Фольксваген” машинасы менен Тажикстанга баасы 100 миң сом келген 50 мүшөк бодо малдын терисин контрабанда жолу менен алып баратканда кармашты.
Ал жарандын жүккө тиешелүү документтери болгон эмес. Бул тууралуу КР Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!