Басма сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан төрт баскычка төмөн түшкөн

Басма сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан төрт баскычка төмөн түшкөн“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму аныктаган 2017-жылдагы басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстан журналисттерге карата козголгон сот иштеринен улам төрт баскычка төмөн түшкөн.
Басма сөз эркиндигинин индекси боюнча Кыргызстан 2017-жылы 89- орунду алып, төрт баскычка төмөн түштү. Ал эми 2016-жылы өлкө ушул эле рейтингде 85-орунду болчу. Бул өткөн жылдагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн козголгон сот иштери менен байланыштуу.
“Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстандын медиакаражаттары өздөрүн эркинирээк сезишет. Бирок ага карабастан, өлкөдө олуттуу кемчиликтер бар, Кыргызстанда этностор аралык теманы чагылдырышпайт. Басма сөз эркиндигинин абалы өлкөдө журналисттерге болгон сот иштерине байланыштуу начарлады” деп айтылат аталган документте.
Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө караганда жогору турат. Алсак, Тажикстан 149-орунда, Казакстан 157-орунда, Өзбекстан 169-орунда, Түркмөнстан —178-орунда.
Алдыңкы орундарда Норвегия, Швеция, Финляндия турат. Россия 148-орунда. Басма сөз эркиндиги Түндүк Кореяда абдан начар, 180-орунда.
Кыргызстанда 2017-жылы экс президент Алмазбек Атамбаев “Заноза” басылмасын сотко берип, 15 млн сом доо, анын уюштуруучулары Дина Масловага 3 млн, Нарын Айыпка 9 млн сом доо койгон. Укук коргоочу Чолпон Жакупова Алмазбек Атамбаевге 3 млн сом доо койгон.
Ал эми азыры президент Сооронбай Жээнбековго 24 kg жана журналист Кабай Карабековго 5 млн сом доосунан баш тартканы, журналист Элнура Алкановага “Элит хаус” коттедждери боюнча козголгон кылмыш иши кыскартылганы жакшы көрүнүш болуп калууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты