«Азаттык» радиосу чыгарган “Эрктүү элдин эгемендиги” китебинин бет ачары өттү

  • 2 года мурун

11-февралда “Азаттык” радиосу басып чыгарган “Эрктүү элдин эгемендиги” аттуу китептин бет ачары өттү.

Аталган китеп Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына арналып, анда 2002-жылдан бери “Азаттыктын” интернет сайтына жарыяланган маанилүү макала, маектер, талкуулар менен иликтөөлөр жана башка материалдар топтолгон.

Китептин бет ачарында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Жуматаева китепке Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы тарыхый окуялар киргизилгенин айтты.

“30 жылдык эгемендик тарыхыбызда элдин келечеги үчүн маанилүү окуяларды биз кандай чагылдырдык баарын иргеп чыктык. 2002-жылдагы “Аксы окуясы”, 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы Апрель, Июнь окуялары жана андан кийин Кой-Таш окуясы менен 2020-жылы дүйнөгө мүшкүл салган коронавирус кризиси, Кыргызстандагы 2020-жылдагы Октябрь окуяларын чагылдырганыбыз келечекте тарыхчыларга, изилдөөчүлөргө бай булак болуп берип калабы деп китеп кылып чыгардык”.

“Эрктүү элдин эгемендиги” “Азаттык” радиосу чыгарып жаткан бешинчи китеп. Буга чейин маркум Азамат Алтайдын өмүр баянына арналган “Азаттык жана демократиянын жарчысы”, “Үркүн – 100: кылымдар унутулгус кыргын”, “Улан Эгизбаев: Чындык деп жанган өмүр” жана “Айтматовдун элдеги элеси” деген китептер жарык көргөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты