АКШ: Кулаган учактан 9 киши курман болгону айтылууда

АКШ: Кулаган учактан 9 киши курман болгону айтылуудаБүгүн, 3-майда, АКШнын Жоржия штатында аскер-транспорт самолету кулады. РИА Новости агенттиги WSAV-TV телеканалына шилтеме жасап, болжолдуу маалымат боюнча андагы 9 адам тең курман болгонун билдирди.

Кулаган самолеттон алгач беш адам курман болду деп жатышса, болжолдуу маалыматтар боюнча андагы 9 адамдын эч кимиси тирүү калбаганы кабарланууда.

Самолет абага көтөрүлөрү менен эле жолго кулап түшкөн. Полиция өкүлү бул учурда жолдо машина болбогонун айтат.
Учак Аризонадагы Дэвис-Монтана штатын карай бара жаткан.

С-130 Hercules самолету АКШдагы гана эмес, дүйнөдөгү негизги тактикалык транспорттук самолет. Ал 20 тоннадай жүк көтөрөт. Түзүлүшүнө жараша ага пулемет-пушка куралдарын орнотсо болот, ошондой эле аскер жана согуш тезникасын салууга ылайыкталган. 90 жоокерди же 60 парашютчуну батырат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты