Досалы Эсеналиевдин ордуна Динара Молдошева келди

Досалы Эсеналиевдин ордуна Динара Молдошева келдиМолдошева Динара Автандиловна Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү маалымдагандай, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буйрукка 2-майда кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин бул кызматта Досалы Эсеналиев иштеп келип, ал президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган.
Динара Молдошева 1979-жылы Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен айылында туулган. “Ак жол” партиясынын мүчөсү катары 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2010-жылы “Ак жол” партиясынын катарынан чыккан. ЖКда этика жана регламент комитетинин төрага орун басары милдетин аткарган.
2011-жылы Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин директор орун басары, аппарат жетекчисинин орун басары рангында Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп, 2012-жылы Өкмөттүн парламенттеги өкүлдүгүнөн бошотулган.
2014-жылы USAID/DFID программасынын мыйзам чыгаруу жана парламентаризм боюнча эксперти, 2014-жылдан бери Сотторду тандоо Кеңешинин мүчөсү болгон.
Бир нече жогорку билими бар. КР Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академияны, Улуттук университеттин юридикалык институтун, Илимдер академиясынын аспирантурасын, Бишкек гуманитардык университетин аяктаган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты