Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине жылына бир берилчү акча көбөйдү

Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине жылына бир берилчү акча көбөйдү

Бүгүн, 3-майда, мамлекет Улуу Ата Мекендик согуш ардагерлерине жылына бир берилчү акчалай төлөм өлчөмүн көбөйттү. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Президенттин фондунан ага 7 миллион сомдон ашык каражат бөлүндү.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2018-жылга карата өлкөдө согуштун 475 ардагери бар, анын ичинен 128 согуштун майыбы, 299 согуштун катышуучулары, 23 концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 25 Ленинград блокадачылары.
Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо ай сайын өмүр бою төлөнүүчү стипендиясы согуш майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларга 10 000 сом өлчөмүндө, ошондой эле ай сайын жеңилдиктердин ордуна төлөнүүчү акчалай компенсациялар:
—Ата мекендик согуш майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 7000 сом;
—Ата мекендик согушта каза болгон жоокерлердин  жесирлерине 1000 сом;
—майыптуулугу бар ооруктун эмгекчилерине 2000 сом;
—майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 1000 сом;
—эмгек аскерчилиреинеи 2000 сом;
—Ата мекендик согуш майыптарынын, катышуучуларынын жана Ленинград  блокадачыларынын жесирлерине 1000 сом.
Мындан сырткары жыл сайын 9-май Жеңиш күнүнүн урматына кошумча бир жолу акчалай жөлөкпул төлөнөт;
—Улуу Ата Мекендик согуш майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек  туткундарына, Ленинград блокадачыларына 15 000 сом;
-Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон жоокерлердин жесирлерине, ооруктун эмгекчилерине жана эмгек аскерчилерине 10 000 сом.
Жогорудагыларга кошумча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 73 жылдыгынын урматына Президенттик фонддон Улуу Ата Мекендик согуштун  майыптарына, катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына,  Ленинград  блокадачыларына 15 000 сом өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү акчалай жөлөкпул берилет.
Андыктан, бул айда Улуу Ата Мекендик согуштун  майыптарына (ар бирине) берилүүчү  социалдык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 47 600 сомду, Улуу Ата Мекендик согуштун  катышуучуларына, концлагердин жашы жете элек туткундарына, Ленинград блокадачыларына 47 400 сомду, согушта каза болгон жоокерлердин  жесирлерине 11 200 сомду, майыптыгы бар ооруктун эмгекчилерине жана эмгек аскерчилерине 12 100 сомду, майыптыгы жок ооруктун эмгекчилерине 11 100 сомду түздү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты