Остеомиелит инфекциясын жугузгандарга кылмыш иши козголду

Остеомиелит инфекциясын жугузгандарга кылмыш иши козголдуКараколдогу төрөтканада  ымыркайларга остеомиелит инфекциясын жугузгандарга кылмыш иши козголду.  

Ысык-Көл облустук прокуратурасы ымыркайларга остеомиелит инфекциясы Караколдогу төрөтканадан жуккандыгын аныктап, 2-майда дарыгерлерге кылмыш ишин ачты.  Төрөтканадан көз жарган 4 эненин Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүсү буга себеп болгон.

Дарыгерлердин шалаакылыгынан жана облустук ооруканада дартты өз учурунда аныктай албагандыгынан остеомиелит инфекциясын жугузган ымыркайлар мүмкүнчүлүгү чектелүү  адамдардын тобуна кирип калышкан.

Караколдогу төрөтканадан инфекция жуккан мындай фактылар дагы аныкталып жаткандыгы айтылат.

Облустук прокуратура дарыгерлерге өз милдеттерин талаптагыдай аткара албагандыгы жана шалаакылык беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, остеомиелит дарты сөөктүн жана сөөктүн чучугунун сезгениши болуп саналат.  Өз учурунда дарыланбаса, ал майыптыкка учуратышы мүмкүн

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты