Кыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү 

Кыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү 19-апрелде Грин Сити отелинин конференц-залында “Кереге” жалпы адамзаттык баалуулуктар фонду “Сереп” изилдөө институту менен биргеликте “Кыргызстанда диний билим берүүнүн көйгөйлөрү” темасында талкуу өткөрдү.

Талкуу Булан институту тарабынан жүргүзүлгөн “Кыргызстандагы диний билим берүү: медреселер чукул реформага муктаж” аттуу изилдөөнүн жыйынтыктарын угуу менен башталды. Аталган эмгекти Булан институтунун Борбор Азия программасынын жетекчиси, Швейцариянын Женева шаарында эмгектенген кыргыз жараны, журналист Чолпон Орозобекова скайп аркылуу баяндады. Баяндамадан соң жыйынга чогулган эксперттер жана коомчулук өкүлдөрү суроо, сын-пикир жана сунуштарын айтышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын депутаты, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин теология колледжи, Ислам илимий изилдөө институту, Кыргыз билим берүү академиясы жана башка бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, дин жана коопсуздук боюнча серепчилер катышты.
Талкууда Кыргызстандын диний билим берүүдөгү жалпы бирдиктүү системасы, диний окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы, окуу программасы жана мугалимдердин квалификациясы өңдүү маселелер каралды. Бүгүнкү күндүн көйгөйлөрүн чечүү максатында биригүү керек экендигин белгилеген катышуучулар, атайын эксперттик топ түзүп, бул көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иштөөнү сунуш кылышты.
Кыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү “Search for Common Ground” уюмунун Кыргызстандагы директору Кеңешбек Сайназаров: —Диний билим берүүнү талкуулаганда медреселерди эле бөлүп карабай, башка диндерге караштуу билим берүү мекемелерин да биргеликте карап, жалпы сереп жүргүзүшүбүз керек. Медреселердеги билим берүү процессин токтотуп калуу мүмкүн эмес, андай кылуунун кереги да жок. Ошол эле учурда концепцияны иштеп чыгуу өтө оорго турду, себеби мамлекеттик органдар тарабынан диний билим берүү уюмдарына өгөйлөгөн мамиле бар. Биздин уюм да (Search for common ground) экстремизм, зордук-зомбулукка каршы жана дин эркиндигин колдоо багытында иш алып барат. Ошондуктан мындан ары чогуу тереңирээк изилдөө жүргүзүү ишин бирге алып барууну сунуштайт элем.
КР Билим берүү академиясынын доценти Мурат Иманкулов:Кыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү  —Биз диний окуу жайларга светтик билим берүүнү, сабактарды киргизүүнү сунуш кылган элек, ишке ашпай атат. Христиандык окуу жайлары толугу менен мамлекеттик окуу программасы менен окутат, кошумча диний сабактар берилет. Мамлекет муфтиятты колдошу керек, муфтият болсо – бүтүн диний билим берүүнү көзөмөлдөшү керек.
Ислам илимий изилдөө институтунун директору Маметбек Мырзабаев: —Азыр бизде диний билим берүүнү светтик билим берүүгө айлантуу аракети болуп атат. 2014-жылдын Концепциясын ыйыкташтыруунун кереги жок. Аналитиктер изилдесин. Эгерде биз диний билим берүүдө плюрализмди ишке ашырабыз десек, анда мамлекет да, муфтият да азыркыдай пассивдүү эмес, күчтүү болушу керек.
Медреселердин негизги максаты диний билим берүү, светтик окутуу эмес. Эгерде светтик сабактарды радикализмге каршы киргизип атса, анда туура эмес. Медреселер классикалык эле типте болуш керек. “Билим берүү боюнча” мыйзамда кээ бир мүчүлүштүктөр бар диний билим берүүгө байланыштуу. Эгерде медреселер светтик билим бере баштаса, анда диний билимди башкалар бере баштайт. Азыр көрүп атпайбызбы, ар кайсы квартираларда, медресенин, мечиттин короолорунда сабактарды өткөрүп жатышат.
Кыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү Кубат Чекиров: —Сунуш — заманбап билим берүүгө багытталсак. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да жыл сайын мониторинг жүргүзөт, аны караш керек. Мыйзамдагы коллизиялар оңдолушу керек. Диний билим берүү заманбап болуш керек.
КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замир Турсунбеков: —Концепцияда айтылган 8 окуу предметин  медресеге киргизип окутуу балдарга жеңилирээк болот. Аттестация болду, Дин иштер комиссиясы Муфтиятка жардам берди. Сунуш — КМДБ концепцияны ишке ашырууну өз колуна алышы керек.
Ош МУ “Арашан” теология факультетинин деканы СайфуллаКыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү  Базаркулов: —Эки тарап – Өкмөт жана Муфтияттын арасында ишенимдүүлүк, өнөктөштүк керек. Өкмөт айтып атат- биз коомдун коопсуздугу үчүн көзөмөлдөп жатабыз дейт. Ал мыйзам  өткөөл учурда кабыл алынган мыйзам. Концепция коомдук талкууга коюлган. Мен кечки окууларга каршымын. Азыр колледж ачылды, анда медресени каякка коебуз. Сунуш – медресе өз ордунда иштеп кете берсе, светтик билим берүүнү киргизбей эле койсок.
КМДБ Кадрларды даярдоо институтунун жетекчиси Кыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү Жакшылык Борочоров: —Ата-энелер балдарын мектептен алып медреселерге берүүдө. Себеби, медреседе баланын тарбиясы жакшы болот деп ишенишет. Бул биздин мектептерде тарбия начар экенин көрсөтөт. Өлкөдө 120 медресе болсо, алардын бирине да Муфтият акча берген жок. Акчанын булагы такталып, ошондон медреселерге акча бөлүнүп берилиши керек. Медреселердин каржы булагы чечилмейинче, көйгөй бүтпөйт. Светтик билим берүү медреселерге киргизилмек, каржы маселесинен улам кирбей калган. Материалдык абалы жакшы болгон медреселер окутуп жатышат светтик сабактарды, кесип да үйрөтүп жатышат. Лицензиялоо маселеси тууралуу айтсак, биз светтик мамлекетпиз, бизде Билим берүү жана илим министрлигинде диний билим берүүнү караган бир бөлүм түзүлүшү керек, ошону менен биздеги окуу программасы маселеси чечилет.
Эл аралык Ала-Тоо университетинин окутуучусу РусланКыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү  Жалил: —Бул жерде мамлекет динди көзөмөлгө алышы керек деген принциптин айланасында талкуу болуп атат.
“Эгерде светтик өлкө болсок, эмнеге анда мамлекет диний билим берүүгө аралашат? Кийлигишүүнүн кандай себеби бар? Макул, коомдо диний билим берүүгө талап бар экен, бирок мамлекет эмнеге мындай талаптарга жооп бериш керек, светтик болуп жатса? А мүмкүн базар экономикасындай талап болгон жерде сунуш да болот деп өз жайына койсо болбойбу? Антпесе, менин оюмча, мурункудай пландык совет системасына окшош болуп калат анда. Муну окугула, бул китепти окугула, тигини окубагыла дейт да. Бул болсо, экстремизмге алып барат.
Медреселер классикалык жана гибриддик болот. Мисалы, коңшу Казакстанды карасак, ал жерде Ислам университети бар, бирок мамлекет светтик болгонуна байланыштуу дагы эле лицензия ала элек. Ошону менен бирге классикалык типтеги “Нур мубарак” университети бар. Ал мамлекет тарабынан колдоого алынган жана Египеттен жардам болгон. Бирок биз светтик мамлекет болгондуктан, мамлекет медреселердин бир гана материалдык базасын, абалдарын текшерүү менен чектелсе болбойбу? Ошон үчүн классикалык жана гибриддик форманы сунуштасак болот.
Кыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү Нарын Айып: — Светтик дегендин ордуна бейдин десек туура болобу деп ойлоп атам. Себеби, светтик десек, орусчадан келген “свет” жарык, демек, мындай айтуу менен биз булар жарык жакта, ал эми диний окуу жайлары автоматтык түрдө караңгы дегендей болуп калып атпайбы.
Маселеге келсек, сунуш — мамлекеттик окуу программасында бардык сабактар окутулуп, бирок ошону менен бирге динге басым жасалган мектептер болсо. Ошондо эч кандай тирешүү болбойт эле. Тирешүүнүн баары – диний билим берүүдөгү адамдар заманбап билим берүүдөн, математика жана башка светтик сабактардан баш тартышып, светтик билим берүү мекемелери болсо диний билим бербегендиктен болуп атпайбы.
Чолпон Орозобекова: —Мен Муфтиятка медреселердинКыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү  окутуу программасын гезиттерге жарыялоону сунуштайт элем. Ошону менен көп суроолор токтойт эле. Бул иштерди чогуу улантышыбыз керек. Биз, Булан институту, мындан ары да диалог үчүн платформа түзүү, орчундуу маселелерди изилдөөнү улантабыз, сиздерди кызматташууга чакырат элем.
Кенешбек Сайназаров: —Мен эки менчик эл аралык мектепте башкаруу кеңешинин мүчөсү болуп келем. Алардын бири – ESCA – Борбор Азиядагы Европалык мектеп – Билим берүү министрлиги менен тыгыз иштеп, жергиликтүү стандарттарды айкалыштырганга жетишти. Экинчи мектеп – Hope Academy — алар толук светтик билим берүү менен биргеликте диний билим да беришет. Айтайын дегеним, иштеп, аракет кылса, баарын ишке ашырууга болот. Бүгүнкүдөй чогулуштарды, талкууларды көбүрөөк өткөрүү керек.
И.Арабаев  атындагы мамлекеттик университетинин теология кафедрасынын башчысы Эрмек Бектуров: —Биз билим берүү стандарттарында жалпы сабактардын 60 пайызы светтик предметтер, 40 пайызы — диний сабактар деп эле койсок болот. Ошондо билим берүү мекемелери өздөрү чечип алат, ошол стандарттын ичинде.
Абдывахап Нурбаев: —Диний билим берүү тармагында көйгөй чындыгында көп экен. Сиздердин пикириңиздер эл өкүлдөрү үчүн маанилүү, буюрса мыйзамды кароо учурунда сиздерди чогултуп, талкуулайлы. Айтылгандай, адам укугу менен  коопсуздук арасында балансты таап кетүүгө аракет кылышыбыз керек. Азыркы иштеп жаткан мыйзамды улантып кетебизби же жаңы мыйзам иштеп чыгабызбы, анализ кылыш керек.
Кыргызстандагы диний билим берүү көйгөйлөрү “Сереп” изилдөө институтунун жетекчиси Искендер Ормон уулу: — Сунуш: 1) Адистердин тобун түзсөк, бул маселени чечүүгө жапа тырмак киришсек. 2) Жол картасын түзсөк – мыйзам, кадрлар маселеси, окуу программалары, модель/үлгү медреселер – ушунун үстүнөн иштелсе. Биз, кыргыз жарандары, өзүбүз аракет кылып чечпесек, сырттан бирөө келип чечип бербейт. 3) Депутаттарга мыйзам боюнча сунуштарды айталы. Бул адистер тобу — катышууга ачык, көпчүлүктүн катышуусу менен болуп, консенсус менен баары бир бүтүмгө келип, тийешелүү жерлерге өз сунуш пикирлерин айтып чечим чыгарса деген сунуш.
Канатбек Мырзахалилов: —Диний билим берүүнү медреселерге эле байлаган туура эмес, маселени кененирээк караш керек. Өлкөдө христиандардын ар кандай мектептери лицензия алып иштеп атат, мисалы, международный библейский университет, академия, чиркөөлөрдүн алдында воскресная школа дегендер бар. Булардын тажрыйбасына кайрылып, бул мектептердин моделин алып, алардын методдорун карап медреселердин системасына керектүүсүн алса болот.
Ошондой эле, Европадагы Франция, Англиянын тажрыйбасын изилдеп, керектүү сунуштарды  Жогорку Кенешке жөнөтсө болот.

Айжан Айтышева

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты