Актан Арым Кубаттын “Кентавры” мыкты фильм деп табылды

Актан Арым Кубаттын “Кентавры” мыкты фильм деп табылды

Ак илбирс-2018″
Мыкты фильмдерге улуттук “Ак илбирс” 2018” кино сыйлыгы ыйгарылды.
Иш-чара “Манас” кинотеатрында 28-апрелде өттү жана аны Ассоль Молдакматова алып барды.
“Апамды издейм” фильминде башкы каармандын ролун аткарган Азамат Уланов “Эркектердин мыкты ролу үчүн” наамын жеңип алганда кубанганынан көз жашын жашыра алган жок.
“Мыкты фильм”- Актан Арым Кубаттын “Кентавры” деп табылды. “Кентавр” ошондой эле мыкты режиссер, мыкты сценарий сыйлыгын да жеңип алды. «Аялдардын мыкты ролу» “Кентаврдагы” ролу үчүн Таалайкан Абазовага ыйгарылды.
Эрнест Абдыжапаровдун “Саякбай” фильми «Мыкты оператор» ( Хасан Кыдыралиев), «Мыкты сүрөтчү» (Төлгөбек Койчуманов); «Мыкты композитор» (Муратбек Бегалиев) «Мыкты үн режиссер» ( Бакыт Ниязалиев) сыйдлгын жеңип алды.
“Апамды издейм” фильми «Мыкты монтаж» (Элдияр Мадаким) «Эркектердин мыкты ролу» (Азамат Уланов) , «Көрүүчүлөр аныктаган мыкты фильм» — «Апамды издейм» (режиссер Руслан Акун) сыйлыгын алды.
«Мыкты документалдык фильм» — «Оймок» (режиссер Касиет Кубанычбек кызы), «Мыкты кыска метраждуу фильм» — «Киноман» (режиссер Аскар Нуракун уулу),
«Улуттук кинематографияга сиңирген зор эмгеги үчүн» КР эл артисти Жамал Сейдакматова;
«Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн Казакстан эл артисти Нуржума́н Ихтымба́ев;
«Борбор Азия мыкты артисти » — Дулыга Акмолдо «Оралман» фильминдеги ролу үчүн (Казакстан);
«Борбор Азия мыкты артисти» — Шахзода Матчанова «Масума» фильминдеги ролу үчүн (Өзбекстан);
«Борбор Азия мыкты фильми» — «Оралман» реж. Сабит Курманбеков (Казакстан) деп табылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты