Матраимовдун Исаковго каршы арызын кароо 10-майга жылдырылды

Матраимовдун Исаковго каршы арызын кароо 10-майга жылдырылды

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы 2-майда Биринчи май райондук сотунда каралмак. Бирок сот иши тараптардын сотко келбей калганынан улам, 10-майга жылып кеткенин Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун «анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт» деп негиздеген.
Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Бажы кызматынын Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналганын жарыялаган. Бир тууган Матраимовдор болсо бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилиши сыяктуу объективдүү себептер түрткү болгонун айтып чыгышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты