30 млн сомдук контрабанда кармалды

30 млн сомдук контрабанда кармалды

Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы 27-апрелде Түштүк батыш бажы кызматында 30 млн сомдук контрабандалык товарды кармаган.

Жалал-Абад облусунан дүйнөлүк белгилүү маркадагы товар жүктөгөн жүк ташуучу машинанын коштоочу документтери болгон эмес. Бажы кызматынын кызматкерлери товар ээлери менен макулдашып алышып, товарды бажы постунан текшербей өткөрүшкөндүгү аныкталган.
Андан тышкары эл керектөөчү товарлар менен кошо ар кандай түрдөгү мобилдик телефондор да болгон, алардын болжолдуу баасы 30 млн сомго чамалуу.
Ош облустук прокуратурасы кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кызматта жасалмага жол берүү жана контрабанда беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты