Мамлекетке 2, 5 млн сом зыян келтирген аткаминерлерге кылмыш иши козголду

Мамлекетке 2, 5 млн сом зыян келтирген  аткаминерлерге кылмыш иши козголду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Жаза аткаруу кызматынын көчмө колоннасынын аткаминерлерине кылмыш иши козголду.

Жаза аткаруу кызматынын Механикалаштырган көчмө колоннасынын кызматкерлеринин айлык акысы мыйзамсыз көбөйтүлгөн, ошондой эле курулуш-монтаждоо иштерине байланыштуу мамлекеттик сатып алуу учурунда ашыкча каражат жумшалгандыгы аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке алдын-ала эсептөөлөр боюнча 2, 5 млн сом зыян келтирилген.

Ошондой эле Жаза аткаруу кызматынын көчмө колоннасынын начальниги И. Ю. УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалган, анын кош жарандыгы бар экендиги аныкталган.

2-майда прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 171-берене (мүлктү менчиктеп алуу же жок кылуу, 189-берене (соода, аукцион же тендерди туура эмес өткөрүү), 350-берене (жасалма документ жасоо), 306-берене (мамлекеттин кызыкчылыгына каршы контракт түзүү жана 315-берене (кызматтагы жасалмага жол берүү) менен кылмыш иши козголгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты