Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыккан эмес

Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыккан эмес
Бүгүн, 2-майда, Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев Кыргызстандын чек арасынан өтпөгөнүн Улуттук Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирген.
Ал эми бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Аскар Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмековдун айтуусуна таянып, Кыргызстандан чет өлкөгө дарыланууга чыгып кеткенин, бирок кайсы өлкөгө кеткенин айтпаганын жазып чыгышкан.
Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Алимбаевич Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгоду
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 2017-жылдын 29-июнунда КР Жогорку Кеңешинин ал кездеги төрагасы Ч. Турсунбековго КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Баш катчысынын колу коюлган бул уюмдун иш-чараларын өткөрүү графиги келип түшкөн. Ошол эле күнү төрага график менен таанышуу үчүн ЖКнын эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Аскар. Шадиевдин кароосуна жөнөткөн. Ал графикке ылайык, КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Кеңеши Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка ээ болгондор тууралуу маселени чечмек.
Бирок 2017-жылдын 25-августунда А. Шадиев, Ч. Айтматов атындагы сыйлык 2017-жылы тапшырылбасын билип туруп, ЖК төрагасына аталган сыйлык үчүн 30 миң АКШ долларын бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылат. 2017-жылдын 15-сентябрында кайрылууга ылайык, көрсөтүлгөн акча Комитеттин бөлүм башчысы Арсен Закировго КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Секретариатынын эсебине которуу үчүн берилген. Закиров акча которулганын тастыктаган документти көрсөткөн. Бирок ал акча КМШ Парламенттер аралык асамблеясынын Секретариатына түшкөн эмес.
2017-жылдын 18-сентябрында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Секретариатынан анын жыйынынын күн тартиби келип түшкөн. Бул катты төрага Чыныбай Турсунбеков Аскар Шадиевге жөнөткөн. Көрсөтүлгөн жыйындын күн тартибинде Чыңгыз Айтматов сыйлыгын ыйгаруу маселеси коюлбагандыгына карабастан, А. Шадиев ЖК төрагасына кайрылып, бөлүнгөн акча каражаты КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Секретариатына жиберилди деп жалган маалымат берген.
Аскар Шадиевдин жалган маалыматынан мамлекет 2 млн 61 миң сом зыянга учураган.
Кылмыш иши Улуттук Коопсуздук Комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан иликтенүүдө.
Ал эми 2018-жылдын 8-февралында Улуттук Коопсуздук кызматы ЖК кызматкери Арсен Закировду 2 млн 61 миң сом бюджеттик каражатты менчиктеп алгандыгы жана жасалма документ жасагандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты