Көчмөндөр оюндарына даярдык кандай?

Көчмөндөр оюндарына даярдык кандай?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу  иш- чараларды өткөрүү Ысык-Көл облусунун туристтик мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө жана өлкөнүн дүйнөдөгү кадыр-баркын көтөрүүдө таасирдүү аянтча болуп калаарын белгиледи.
«Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин салт-санаабызды, спорттун улуттук турлөрүн жана өзгөчөлөнгөн маданиятыбызды дүйнө жүзүнө дагы бир жолу даңазалап алуунун кайталангыс мүмкүнчүлүгү» деди М. Абылгазиев.
Республикада бул сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрүүдө жетиштүү тажрыйба топтолгонун белгилеп кетти.
«Мамлекеттин саясий турмушундагы окуялар III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн сапатына таасирин тийгизбеши керек” деди премьер-министр.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты