“Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз”

“Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз”

2018-жылдын 14-17-майында Ош шаарында “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз” аттуу эл аралык жаштар сынагы өтөт.
Кыргызстанда бул сынак 21-жолу өткөрүлөт. Буга Кыргызстандын бардык аймактарынан ошондой эле Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Белоруссия, Россиядан ойлоп табуучулар, студенттер катышат.
Сынакка катышуу үчүн 180 ден ашуун изилдөө жана ойлоп табуу долбоор, экспонат, моделдер сунушталып, беш номинацияда коргоого коюлат.
Андагы катышуучулардын иштерин КР Улуттук Илимдер академиясынын окумуштуулары, ойлоп табуучулар, жогорку окуу жайлардын профессор, окутуучуларынан турган калыстар баалашат.
Сынак 2018-жылдын 15-майында саат 10.30да Ош драма театрында ачылат. Долбоорду коргоо 15-16-майда Ош технологиялык университетинде болот.
Иш-чараны КР Билим берүү жана илим министрлиги “Алтын түйүн” инженердик-техникалык академиясы, Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматы менен биргеликте өткөрөт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты