Сокулукта зомбулукка кабылган наристенин окуясын балдар иштери боюнча комиссия карайт

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда зомбулукка кабылган эки жашар баланын окуясын балдар иштери боюнча комиссия карайт. Бул тууралуу Президенттин балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова жабыркаган баланы зыярат кылуу учурунда билдиргенин президенттик администрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта баланын үй-бүлөсүн социалдык жактан колдоого алуу тапшырмасы берилгени, тиешелүү кызматтар тарабынан зарыл болгон медициналык, психологиялык, укуктук, социалдык жана башка жардамдар көрсөтүлөрү айтылат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 5-февралда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Сокулук районунда эки жаштагы баланы сабады деп шек саналган жаран кармалганын билдирген.

«Баланы уруп-сабоого шектүү катары анын ата-энесине иш берген 1987-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Наристенин апасынын айтымында, алар шектүүгө карыз болуп калышкан. Шектүү Сокулук районунда фермерлик менен алектенет. Тергөө иштери уланып, керектүү экспертизалар дайындалды», — деп билдирген Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова.

Сабалып, аймактык ооруканага жаткырылган эки жаштагы бала тууралуу маалымат милицияга 3-февралда кечки саат 9 чамасында түшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты