Үн катпаган сааттар

Мезгилди жеңҮн катпаган сааттар

Саат токтоп калбашы керек экен. Элдер ушинтип айтышат. Бул да ырым го… Токтоп калган саат көрсө ошол замат тилденип, аны жүргүзгөнгө шашышат. Же ыргытып жиберишет. Ал өмүргө салыштырылат го. Дайым жүрүп турушу керек дешет го. Өзүбүз токтоп калбайлы дешет окшойт да. Бала кезде башка жактагы же башка үйдөгү тааныш же туугандардын үйүнө жатып калган учурлар болчу. Тынч бөлмөсүндө олтуруп калсам же мына уктап баратсам дубалдагы сааты чык-чык этип атканы байкала калчу. Анан ошол сааттын үнү мага ошол үй-бүлө жөнүндө, ошол үйдүн тирилиги жөнүндө, ошол үйдүн кожоюндары жөнүндө айтып аткандай угулчу. Тыптынч болуп калчумун. Атамдын досу Тургаазы аба айтат: “Студент кезде Кадырбек болуп Карагандага ылайга иштеп келдик. Жакшы айлык алдык. Ошол акчага жаңы костюм-шым, жаңы кол саат алдык. Ошентип элге теңелгенбиз” деп. Ошол сааттын жебелери жүрө берип канча жылды карытты… Сааттар тагдырлаш болушат. Бу дүйнөдө алар көп болушат. Бири токтосо, экинчиси жүрүп адамга мезгилди айтып турат.
Бүгүн түнгө калдым. Жазуулар бүтпөйт. А дубалда саат токтобойт. Алаксып, балконго чыгам. Шаарды карайм. Сааттын өлкөсү аталган бул өлкөнүн бар тарабынан чыкылдап, шартылдап сааттар жүргөнсүйт. Бул мени жүрөксүтөт. Анткени менде жумуштар көп эле… жазалса экен, бүтсө экен деген. Анан ойлодум, үн катпаган саат жакшы экен деп, жок дегенде шаштыны албасынчы деп. Ың-жыңсыз мезгилдерге жоголуп, сиңип кетпеш үчүн турмушуңдун мүнөттөрү менен, сааттары менен ушинтип бөлүшүп тур. Адамдарга арнап берип тур. Ошондо ал мүнөттөрүң аларда калат. Сен аларда сакталып каласың. Элге канча көп арнасаң, аларда ошончо көп каласың. Кайра үйгө кирдим да токтобогон саатты карап, “мен сени жеңдим” дедим. Сенин далай саатыңды башкаларга арнайм дедим…

Айзада

Онунчу класспыз. 1987-жылдын кышы. Кош-Дөбөнүн кышы Үн катпаган сааттаркүчүндө эле. Анда, кардан улам бүт айылдыктардын ой-санаа, эси дартында ак кар тургандай сезилчү. Көчөдө турган кимди көрсөң да баарысы бири-бири менен кар жөнүндө, кыш жөнүндө сүйлөшүп аткандай көрүнчү. Алар мага карды мактап аткандай болоор эле. Ошондон улам бүт элдин көңүлү ачыктай, дүйнөлөрү тазадай сезилээр эле. Бирок ал сезим болгону биздин ошондогу он алты жашыбыздыкы, балакат курагыбыздыкы болчу… Ошол курак карга да, тоолорго да, а тургай кыштактыктардын морунан чыккан түтүнүнө да сырдуу кооздук кошуп турчу. А кыштактын түнкү кышын айтсаң! Эшикке чыгып тыңшап турсаң кайдандыр мына-мына бир кубаныч, бир шаттык кайып келип койнуңа кирип келчүдөй болуп жүрөгүм дүкүлдөп чыкчу. Ал кайдан, эмнеден, эмне үчүн келген шаттык эле? Анын жообу болчу эмес. Жок болчу. Ошол кышта Марат экөөбүз короого бир тору тай кармап, бактык. Тимеле сулуу тай эле. Караганы, куйрук жалы, кишенеп койгону, минип алсаң жыргатып чуркаганы, айтор, бизге чоң эрмек болчу. Бир күнү сабакка кетээрде эртең менен чөп салайын деп кирсем эле бастырмада сырайып баягы тайым өлүп жатат! Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Эмне үчүн өлүп калды? Көзүмө анын өлүп жатканы ушунчалык суук, ушунчалык жаман көрүндү. Эмне кылышымды билбей Апынай байкемдин үйүн көздөй чуркадым. Барып чакырып келдим. Эмне ишим чыкса да биринчи Апынай байкеме айтаар элем. Байкем буту, башын кармалап көрдү да “Бирөө бешилик менен сайып коюптур” деди. “Бешилик менен сайып дейсизби!” деп калчылдап кеттим. “Ким сайды экен!” деп жиним башыма чапты. “Эми эмне кылабыз?” десем, “Соебуз Жеки, эмне кылмак элек” деди байкем эч камырабай. Мен ошо менен мектепти унуттум. Сабакка барбай калдым. Тайды союп кирдик. Союп атып күндө кучактап ойнотконумду, минип алып сайга барып сугарганымды, жем, чөп берип кол менен жедиргенимди эстей бердим… Аңгыча эле үйгө классташым Залкар энтигип чуркап келип калды. Тумагын чечсе башынан буу чыгат. “Жеңишбек, жүрү мектепке кеттик, Рахат эжеке “Кыз-Жигитти” бүгүн койгула деп атат” деди. “Э койчу, эмки жумада эмес беле?” деп мен чочудум. Ошентип мектепке кетпесем болбой калды. 10 “А” класстын балдары менен 10 “Б” класстын кыздары “Кыз-Жигит” оюнун коймокпуз, жарышып. Бир айдан бери аябай даярданып атканбыз. Бирок коерубузга дагы эки-үч күн бар эле. Бирок колхоздун маданият үйүнөн дагы калыстар кошулмак, ошол үчүн ушундай чечим чыгып калган окшойт. Болгондо да айылдын чоң клубуна коймок болуптурбуз. Мен тайымдын кайгысынан эптеп чыктым дагы “кокуй анда жөнөдүк” деп мектепке сыздык. Түшкө чейин болушунча даярдандык дагы, түштөн кийин “быссымылда” деп баштадык. Колхоздун клубунда эл толтура. Залдын жарымы биздин күйөрмандар, жарымы кыздардыкы. Буга чейин мектепте мындай “Кыз-Жигит” оюну боло элек болчу. Залдын эң артына аскерден келген “чоң балдар”, көчөдөн ары-бери өтүп аткандар да толуп алышты. Оюн маалында ошолордун кыйкырып-ышкырып көрүп олтургандары эмгиче көз алдыма элестейт… Сахнанын бир жагында балдардын, бир жагында кыздардын көшөгөсү. Анын бетине түрлүү-түркүн плакаттарды жасалгалап илгенбиз. Кыздар-балдар бири-бирине тийишкен, шакабалашкан түрлүү сүрөттөрдү тартканбыз. Достук азилдерди чыгарганбыз. Аларга классташ балдары, бизге классташ кыздарыбыз тызылдап жардам берип чуркап жүрүшөт. Залдын эң алдында калыстар тобу отурат кычырашып. Бардыгына жооптуу – окуу завуч Рахат эжекейибиз эле. Акыры ошентип оюн башталды. Балдардын алып баруучусу — мен. Кыздардыкы — Гүлбара. Мен жарышты Байдылданын “Чоку болот тоолордун бийик жери/ Чокудай бол кыргыздын жигиттери” деген ырын окуп берип баштагам. Аны мага ошол маалда айылга кышкы каникулга келген Жеңишгүл эжем үйрөткөн. Эжем анда студент эле. Ошол ыр үчүн калыстар тобу мурда айтыла элек ыр деп жогорку баа берген эле. Айтор, эки тарап сахнада айда салгылашып атабыз. Эсебимде, баамымда биз утуп бараткандай эле сезилет… Бир кезде калыстар тобу программада жок, күтүлбөгөн бир номер кошту: команданын капитандары ырдаш керек болду. Мен бир азга тайсалдай түштүм да, оюма атамдын ыры келди: “Кош-Дөбөмдү” ырдайм дедим да эл алдында аткардым. Ал ырым үчүн да калыстар патриоттук ыры үчүн деп кыздардыкына караганда жогорку баа берди. Аа иш жакшы деп биз кымыңдап атабыз. Хор ырлар, декламация, интермедиялар… Акыры оюн аяктады. Баарыбыз күткөн учур келди… Калыстардын башчысы ордунан туруп жыйынтык бааны угузду… Угуп оозубуз жап болду! “…10 “А” классынын эркек балдары үч упай менен утулду!!!” дешти калыстар. Сахнада тизилип турган бойдон нес болуп каттык. “Б” класс болсо бири-бирин кучактап куттуктап жатып калды. Залдагылар бир топко кол чаап, ышкырып-кыйкырып турушту да баардыгы тарап кетти. Сахнада эки класс эле калдык. Ар кимибиз өз көшөгөлөрүбүздү жыйнаштыруу менен алекпиз. Ал жак уу-дуу, биз томсоруп үндөбөйбүз… Бир кезде эле жаныма Гүлбара келди “Эй Жеңишбек, сен эмне болуп атасың? Ушуга ушунча кайгырасыңбы! Карачы, тиякта Айзада сени көрүп ыйлап атат!” деди. “Койчу, каякта?” десем, кыздардын көшөгөсүнүн ээн бурчун жаңсады. Айзада менен Гүлбара экөө “Б” класста эле да. Барсам, Айзада! Класстан көтөрүп келген стулга бетин алаканы менен жаап олтуруп алып ыйлап атыптыр! Жанына бардым. Колунан кармап олтурдум да “Апей эй, сага эмне болду?” дейм, эч нерсе билмексен болуп. Бир топко отурду дагы “Сен Кадырбек байкемдин ырын ырдабадыңбы!..” деди. Мен ошондо демимди терең чыгарып, үндөбөй отуруп калдым. “Силер эле утушуңар керек болчу! Сен ушунча аракет кылып, байкемдин ырынан өйдө ырдасаң да бизге берип коюшту…” деди, үнү дирилдеп. Айзаданын ошол сөзү, ошол ыйы мени селт эттирген. Айзаданын ошол сөзү мага бир туугандык, бир боордук, курбулук, кыйышпас жандардын мамилесинин туу чокусу сыяктуу болуп кыттай уюган. Айзаданын ошол сөзү мени бир паста балалыктан бапасыз бу улуу турмушту көздөй көтөрүп кеткендей болду. Бир паста балалыктан башы оор эстүү жанга айланткандай болгон. Эгиз козудай жетелешип окуган тууганымдын, сырдашымдын ошол олтурушу мени жалбырактай дирилдеткен. Айзаданын ошол сөзү ошо бойдон жүрөгүмө уюп калды. Азыр да кулагымда турат. Көз алдыма тартылат. Ошондо Гүлбара, Айзада үчөөбүз эшикке чыгып, бир күнөс жерде көпкө олтурган элек, сүйлөшүп. Мен бул элес менен ошол мезгилдин өңү-түсүн, али кете элек балалыкты, курагыбыздын кыялын, ата-энебиздин тарбиясын, тууган эмне, дос эмне, ак менен кара эмне экенине болгон түшүнүгүбүздү, жөн эле эселек бала эмес, туу туткан баалай алган нерселерибиз көп болгонун айткым келди. Тилекке каршы, Айзаданын өмүрү кыска болду. Мен аны Женевада жүрүп арадан көп убакыт өткөн соң уктум. Туугандар да, колуктум да мени алыста жүргөндө ого бетер кайгырбасын деп айтышпаптыр. Айзада адабияттын таасири менен “Мен Жамилядай болсом…” дей берчү. Ал чынында өзү курган дүйнөсүндөй боло алды. Мектепте да, институтта да аны кумир туткан улуу-кичүүлөр көп болду. Анын артынан тимеле көп жигиттер жете албай чуркаар эле… Биз Кош-Дөбөнүн ак карлуу кышында мектептен тарап үйгө бирге келээр элек. Ал төрт манжасы туюк кол кабы менен жаңсап бүтпөгөн бир “чоң темаларыбызды” сүйлөп келе берер эле. Жашыбыз аз эле ай айырма болсо да ал мага: “Сен менин байкемсиң” деп, ошону бышыктагысы келгенсип: “Көрөсүң, мен эч ким менен жүрбөйм” дечү. Бир күнү мектептен келатып үйдүн алдында туруп калсак, дарбазадан Бурул жеңем чыгып “Ие ботом, экөөң үйгө кирип эле сүйлөшүп отурсаңар. Өткөндө Турдубү жеңем: “Бу Айзада кара тумакчан бир бала менен эле кечке сүйлөшүп тура берет да, ким экен ал бала?” дейт, — ботом, ал биздин Жеңишбек, Кадырбек акемин баласы, — десем, — Ии, алдыңа кетейин. Жеңишбек бекен, мен да башка бала го депмин” дегенин айткан эле. Кийин студенттик буюруп, ар кайсы кесипке ээ болдук. Айзада Ат-Башыга келин болду. Шайымбек менен да бир сөзүбүздөн түшүнүшкөн жакын тууган болдук. Ошол бойдон бир боорлук жакындыгыбызга чаң жугузбай, өбөк-жөлөк, караан болуп жашадык. Бизге тарбияны айыл берди. Калем карматып аздектеген касиетти тоолор берди. Ичтеги жомоктой сыйкыр —  бактылуу өткөн балалыктан калды. Көкүрөккө зээнди — эне-атабыздын өткөн өмүрлөргө аздектеп жасаган мамиле менен улуу сөздөрүн салды. Демек, биз дагы өткөн баалуу өмүрлөрдү кийинкилерге бүтүн, толук өткөрүп бергендей бололу!

Жеңишбек Эдигеев

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты