Матраимовдун Исаковго каршы жазган арызы 2-майда каралат

Матраимовдун Исаковго каршы жазган арызы 2-майда каралатБажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун экс-премьер-министр Сапар Исаковдун үстүнөн жазган арызы 2-май күнү саат 10:00дө Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Матраимов өз арызында аны кызматынан алуу боюнча өкмөттүн чечимин мыйзамсыз деп табууну жана кызмат ордун кайра калыбына келтирүүнү өтүнгөн.

Мурдагы бажычынын бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов бул боюнча “Азаттыкка” бергенкомментарий берип, “Исаков инисин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен кызматтан алганын” ырастаган.

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан былтыр 23-ноябрда бошотулган. Ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаков өз буйругун «анын иши саясий жетекчилик кабыл алган чечимдерге жана жүргүзгөн саясатка ылайык келбейт» деп негиздеген.

Матраимов иштен кеткенден кийин быйыл жыл башында Бажы кызматы Ош бажысы күн сайын 15 млн. сом төлөм чогулта баштаганын, мурда болсо болжолдонгон 7 млн. сомдун ордуна болгону 1,5-2 млн. сом гана жыйналганын жарыялаган. Бир тууган Матраимовдор болсо бажы төлөмдөрүнүн көбөйүшүнө чек аралардын ачылышы, жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө уруксат берилиши сыяктуу объективдүү себептер түрткү болгонун айтып чыгышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты