“Электр станциялары” ААКсынын камакка алынган мурунку жетекчиси кайрылуу жасады

“Электр станциялары” ААКсынын камакка алынган мурунку жетекчиси кайрылуу жасадыБишкек ЖЭБиндеги иш боюнча камакка алынган “Электр станциялары” ААКсынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов коомчулукка жана Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Анда Авазов ЖЭБди модернизациялоого байланышкан кылмыш иши тууралуу айтып берген. Кайрылуунун текстин өзгөртүүсүз, толук беребиз:

Кышында Бишкек ЖЭБинде болгон авария убагында борбор шаарда 5-6 күн жылуулук берилбей, элдин болуп көрбөгөндөй нараазычылыгын жаратты.

Окуя болгондон кийин Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан 386 млн. АКШ долларына модернизацияланган Бишкек ЖЭБде мындай кыйроо болбошу керек эле, демек, 386 млн. долларды максаттуу пайдаланышкан эмес, бул жерде коррупция бар деген пикир айтылып, чукул комиссия түзүлгөн жана ал кыйроонун себептерин иликтей баштаган. Ошол эле убакта ЖМКда ЖЭБди модернизациялоо боюнча бир тараптуу, туура эмес маалыматтар бериле баштады. Ал эми маселенин чоо-жайын жакшы билет деген энергетиктер ооздоруна талкан сугунуп алгансып чурк этип үн катышкан жок. Мындан улам эл, коомчулук арасында жылуулук борборун модернизациялоо боюнча туура эмес түшүнүк жаралды.

Чындыгында ЖЭБди модернизациялоо жүз берген кыйроого эч кандай тиешеси жок. Кыйроонун башкы себеби – ошол жердеги персоналдын түздөн түз күнөөсү, тескерисинче, эгерде ЖЭБ модернизация болбогондо үйлөрдө жылуулук батареялары тоңуп, жарылып, шаардагы электр энергиясы толугу менен өчүп, мунун кесепеттери алда канча оор болмок.

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча буларды айткым келет: Биздин энергосистемада ЖЭБдин модернизациясына чейин электр энергиясы кышында суу көп болгондо 100 мВтка, ал эми суу аз болгон жылдары 300 мВтка чейин тартыш болуп, кышкысын күнүнө 10-15 млн кВт/ч электр энергиясын өчүрүүгө же кошуналардан э/энергиясын 8 центке чейинки тарифте импорттоп, сатып алганга мажбур болмокпуз.

Бишкек ЖЭБдин кубаттуулугун кошумча 300 мВтка көбөйтүү боюнча 20-30 жылдан бери аракеттер болуп келатат, бирок акча каражаты чечилбегендиктен, бул маселе чечилбей калган эле. Ошондуктан бул милдетти аткаруу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалып, так айтканда, Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясынын алкагында ЖЭБди модернизациялоо каралган.

Мындан улам Бишкек ЖЭБди модернизациялоо мамлекеттин жетекчилеринин, өкмөттүн жана энергетика министрлигинин катуу көзөмөлүнө алынган.
Ошол маалда бизге ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу боюнча 4 компаниядан сунуш түшкөн, анын ичинен 2 компаниянын аталган долбоорду ишке ашыра турган каржы булактары жана шарттары аныкталбагандыктан, модернизациялоо ишине 2 компанияны тартуу каралган. Булар:
1. «Интер РАО ЕЭС «Россия» ААК — 518 млн. АКШ доллары;
2. ТВЕА Кытай Эл Республикасы — 396 млн. АКШ доллары.
— ШКУнун линиясы боюнча жеңилдик мезгили 20 жыл;
— жеңилдик мезгили 11 жыл жана жылдык ставкасы 2%.
Биз «Электр станциялары» ААК, «Интер РАО ЕЭС» ААК менен биргеликте Новосибирск долбоорлоо институту тарабынан Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун баасын 518 млн. долларды түзөөрүн аныктаганбыз.

Ошондой эле аткарылуучу жумуштун көлөмүнө жана техникалык тапшырмаларга ТВЕА компаниясы Хубей изилдөө жана долбоорлоо электро-техникалык институтуна ТЭО жасатып, Бишкек ЖЭБди 2х150 мВт=300 мВт ка модернизациялоонун баасы 396 млн. АКШ доллары деп тапкан.

Эки компаниянын тең сунушу Энегетика министрлиги тарабынан каралып чыккандан кийин, энергетика министри, анын орун басарлары, бөлүм башчылары, эл.станциянын башкы дирекциясынын толук курамы, Бишкек ЖЭБдин жетекчилери болуп, ТВЕАнын жетекчилери менен бааны азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жана анын натыйжасында модернизациялоонун баасын 386 млн. АКШ долларына чейин азайтууга жетишилген жана бул боюнча протокол түзүлгөн.

Аталган сүйлөшүүлөрдүн протоколун Энергетика министрлиги Өкмөткө жөнөткөн, 2013-жылдын 8 –июлунда ЖЭБди модернизациялоо долбоорун каржылоонун шарттары жана ведомстволор аралык комиссияны түзүү жөнүндө Өкмөттүн буйругу чыккан.

2013- жылдын 11- июлунда ведомстволор аралык комиссия «Электр станциялары» ААК жана «ТВЕАнын» ортосунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун долбоору боюнча контракттык келишимдин долбоору жактырылсын деген чечим кабыл алган.
Ведомстволор аралык комиссиянын курамына бардык министерликтерден өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары, эксперттер, «Электр станциялары» ААКнын жана Бишкек ЖЭБдин жетекчилери кирген.
2013- жылдын 16- июлунда бардык өндүрүштүк кызматтардын жетекчилери, башкы дирекциянын курамы жана Бишкек ЖЭБдин жетекчилери менен контракттык келишим түзүлүп, макулдашуу барагына кол коюлгандан кийин мен ведомстволор аралык комиссиянын протоколун аткаруу максатында контракттык келишимге кол койдум.

Ал эми түзүлгөн контракттык келишим жана кредиттик келишим Жогорку Кеңеште ратификациялангандан кийин жана акционердик чогулуштун макулдугу алынгандан кийин гана күчүнө кирет. Башкача айтканда, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо долбоорун каржылоо шарттарын карап чыгууга ведомстволор аралык өкмөттүк комиссия, Жогорку Кеңештин депутаттары, Директорлор кеңеши жана акционерлер катышышкан.

1. 386 млн. доллар боюнча:
1) «Электр станциялары» ААК, «Интер РАО ЕЭС» ААК менен биргеликте 30 млн. АКШ долларына Новосибирск долбоорлоо институтунан ТЭО жасатып, жылуулук борборун 2х130 =260 мВтка модернизациялоонун баасы 518 млн. АКШ долларын түзгөн.
2) «Энергия» КИТБсы (Кыргыз Илимий Техникалык Борбору) 386 млн. доллар дүйнөлүк баа менен алганда азды түзөт, ошондуктан аталган баа ылайыктуу деген бүтүмүн берген.
3) Ошондой эле бул нарк кошуна мамлекеттер жана дүйнөлүк баалар менен салыштырмалуу да азды түзөт.
2. ТЭО боюнча:
— Мамкурулуштун (КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги) ТВЕА компаниясы түзгөн ТЭО ЕРС методу менен түзүлгөн, контракттык келишимдин талабына жана шарттарына жооп берет деген корутундусу бар.
3. «ТВЕА» компаниясын тандоо боюнча:
Юстиция министрлигинин аталган компанияны тандоонун бардык жол-жоболору мыйзам чегинде жүргүзүлгөн деген корутундусу бар.

Ал эми бизди — мени жана Ж.Ж. Назаровду ЖЭБди модернизациялоо үчүн 386 млн. АКШ доллары туура эмес бааланган, башкача айтканда, анын кайсы бир бөлүгүн бирөөлөр алган, аны силер билесиңер, айткыла деп убактылуу кармоочу жайга отургузуп койгонуна мен нараазымын жана кескин каршымын.

КРнын Президенти С. Ш. Жээнбековдун өзүнүн айтканы боюнча айрыкча мэр, акимдерди күнөөлүү экенин далилдеген фактылар болмоюнча кылмыш иши козголууга тийиш эмес. Ал эми мени эч кандай күнөөм далилденбей туруп, кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камап коюшту.

Кайрылуумдун соңунда төмөнкүлөрдү белгилөө менен жаш курагыма байланыштуу айрым жагдайларды эске алууну суранат элем:

Мен 100 миңден ашуун калк жашаган Жалал-Абад шаарынын мэри кызматында иштеп жатам. 3-класстагы Мамлекеттик кеңешчимин. «КРнын өнөр жайынын эмгек сиңирген кызматкери» деген наамым бар. Мурдагы премьер-министр, учурда КРнын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Ардак Грамота менен сыйлангамын. Жаш курагыма байланыштуу дарыгерлердин көзөмөлүндө болуу менен туруктуу дарылоо алып турушум керек. Мен тергөө иштеринен эч качан качпайм жана чакыруу маалында убагынан кечикпей келип турам.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты