ӨКМ: Туруксуз аба ырайы күтүлөт!

ӨКМ: Туруксуз аба ырайы күтүлөт!1-2-майда туруксуз аба ырайы күтүлөт: 1-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт.

2-майда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-майда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге, 2-майда Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас дыйканчылык аймактарында 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, тоо этектеринде 10…15° жылуу, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

29-30-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. 29-апрелде түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 30-апрелде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-апрелде Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-апрелде Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

30-апрелде жана 1-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 1-майда күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты