Эртең Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленет

Эртең Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленетЭртең, 29-апрелде, Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленет.

Майрам күнгө карата борбордо кечинде аянтта театрлаштырылган чоң концерт болот. Жаштарга, балдарга арналган программалар да кеңири уюштурулат. Бишкектин 36 % ын жаштар түзөт эмеспи.

Бишкек шаарынын мэри борбордун туулган күнүнө карата дасторкон жаярын билдирген.

Ошондой эле “Наристе” деп аталган балдардын эл аралык фольклордук фестивалы өтмөкчү. Фестивалды Бишкек шаарынын мэриясы уюштуруп жатат. Бишкек шаардык маданият баштармалыгынын директору Урмат Белекбаевдин айтымында, фестиваль атайын фольклордук негизде уюштурулууда.

Бүгүн, 28-апрелде, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында балдардын эл аралык фестивалынын ачылышы саат 17:00 дө болот. Ага 7 өлкөдөн: Россия, Казакстан, Түркия, Италия, Венгрия, Индия жана Сьерра-Леонеден балдар келип, бишкектиктерге концерт коюшат.

Шаардын күнүндө, 29-апрелде,  “Ала Тоо” аянтында кесипкөй чыгармачыл жамааттардын арасында “Наристе”  фестивалына жети өлкөдөн келген катышуучулар да өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты