Майыптардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушталды

Майыптардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушталдыКыргызстанда тубаса майыптардын жөлөк пулун көбөйтүү пландалып жатат. Бул боюнча өкмөттүн токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, токтомдо майыптардын жөлөк пулун 1000 сомго чейин жогорулатуу каралган.

2018-жылы жалпы казынадан мамлекеттик жөлөк пулга 7 миллиард 950 млн. сом бөлүнгөн. Жогорудагы өкмөт токтомун ишке ашыруу үчүн кошумча 19,7 млн. сом керектелет.

Кыргызстанда 177 миң майып бар. Анын 29 миңден ашууну балдар. Майып балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пул акыркы жолу 2011-жылы 50 пайызга көбөйтүлгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты