25 миңден ашык машина ээси транспортту өздөрүнө каттатышты

25 миңден ашык машина ээси транспортту өздөрүнө каттатышты
Мамлекеттик унааларды жеңилдетилген шартта  кайра каттоо өнөктүгү башталгандан бери 25 305 унаа ээлери унааларын өздөрүнө каттатышты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Каражатты үнөмдөө максатында машина сатып алгандар аны дароо өзүнө каттатпай, мурунку ээсинде калтырып келген адам көп жылдан бери уланып келе жаткан.
Азыркы тапта айып пул машинанын ээсине жөнөтүлмөкчү. Мындан улам машина ээлери машинаны өздөрүнө каттата башташты. Машинаны каттоо кампаниясы учурунда унааны өзүнө каттатуу боюнча кайрылган жарандардын саны үч эсеге өскөн.
Өнөктүк учурунда транспорт каражатын кайра каттоодо алынуучу 1 % жыйым  0,1% түшүрүлүп,  он эсе арзандаган.
Жарандардын акча каражатын үнөмдөө максатында, автоунааларын кайра каттатууда мурда колдонулган номердик белгилер акысыз берилет. Жеңилдетилген кайра каттоо өнөктүгү убагында, жарандын өз каалоосу менен каттоо документинде  «өзгөчө белгилери» графасына тийиштүү жазуу калтыруу менен, техпаспортту калтырып коюу мүмкүнчүлүгү бар.
Бул учурда машинанын жаңы ээси тууралуу маалымат «Унаа» автоматташтырылган маалымат жазылып, транспорттун  ээси жөнүндө электрондук маалымат базасы түзүлөт. Эгерде автоунаа ээси өлкө аймагынан чыга турган болсо, транспорт каражатын каттоо күбөлүгүн (техпаспорт) жаңысына алмаштыруу зарыл.
Ээси жөнүндө маалымат «өзгөчө белгилери» графасында көрсөтүлгөн техникалык паспорттор Кыргыз Республикасынын аймагында гана жарактуу.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты