Журналист Эльнура Алкановага ачылган кылмыш иши токтотулду

Журналист Эльнура Алкановага ачылган кылмыш иши токтотулду
Журналист Эльнура Алкановага ачылган кылмыш иши токтотулгандыгын Медиа Полиси уюму билдирди.
Маалыматка караганда, Алканованын иши 15-апрелде эле токтогону белгилүү болгон. Бирок документтер бүгүн, 27-апрелде, гана колго тийген.
“Токтомдун негизинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөөчүсүнө биз прокуратурага арыз жазабыз” деди Медиа Полиси институтунун өкүлү.
Белгилүү болгондой, Эльнура Алканова мурда Максим Бакиев жана алардын чөйрөсүндөгүлөргө таандык болгон коттедждердин сатылышы боюнча иликтөө жүргүзгөн. Анын арасынан “Ала-Арча” резиденциясындагы эң кымбат, 12, 5 гектар жери бар “Идеал-Хаус” коттеджи сатылып кеткен. Алканованын иликтөөсүндө жаңы сатып алуучулар менен экс премьер Сапар Исаковдун байланышы бар экендиги айтылат.
Бул материалдан кийин Баш прокуратура сатып алуучулар менен экс премьердин байланышы жоктугун билдирген. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы банк купуялыгын ачыктаган деген айып менен журналистке кылмыш ишин козгогон.
Алкановага айып коюу далилденбей келген. Ал эми ИИМдин Тергөө кызматы Мамлекеттик Мүлк фондунун экс төрагасы Болсунбек Казаковду, орун басары Бактыбек Мураталиевди “Идеал-Хаусту” сатуу боюнча камакка алды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты