Сапар Исаков КСДП төрага орун басары болду

Сапар Исаков КСДП төрага орун басары болду

Экс-премьер-министр Сапар Исаков КСДП төрага орун басары болуп шайланды. Орун басарлыкка дагы Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов да шайланды. Бул тууралуу КСДП партиясынын басма сөз кызматы маалымдады.   

Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин жыйынын экс-президент Алмазбек Атамбаев алып барды.

Жыйындын алдында партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү Фарид Ниязовду 60 жылдык мааракеси менен куттукташты. Алмазбек Атамбаев партиянын атынан куттуктоосун окуду.

Саясий кеңештин мүчөлөрү Сапар Исаковдун, Асел Кодуранова жана Мурадыл Мадеминовдун талапкерлигин партия төрагасынын орун басарлыгына карап жана аларды шайлашты. Партия төрага орун басары Фарид Ниязов “Апрель” коомдук фондунун аткаруучу директорлугуна дайындалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты