Милиция Bishkek Park борборун курчоого алды

Милиция Bishkek Park борборун курчоого алды

Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Bishkek Park соода борборун милиция курчоого алып, ичиндеги элди чыгарып жатат. Маалыматты аталган борбордун администрациясы да тастыктады.

«Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, имаратты курчоого алышты. Борбордун ичинде жүргөн элди чыгарып жатышат. Аракеттеринин себеби айтылган жок», — дешти соода борборунда иштегендер.

Ал эми УКМКдан болсо Bishkek Park соода жайына бомба коюлгандыгы боюнча  маалымат түшкөнүн, учурда тиешелүү кызматкерлер соода борборунда жарылгыч заттардын бар-жогун текшерип жатканын билдиришти.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты