Тойдун жаңы үлгүсүнө конкурс

Тойдун жаңы үлгүсүнө конкурс

Кыргыз коомунда той өткөрүүнүн көптөн берки келаткан салты азыркы заманга ылайык келбей калгандыктан, анын жаңы үлгүсүн табуу боюнча талкуулар, талаштар күч алды.

Ушу тушта өтүп жаткан тойлор адамдарды ыксыз чыгымдарга кириптер кылып, көп убакытты алып, катышуучуларды чарчатып жана саламаттыгына зыянын тийгизген абалга жеткенин, ошондуктан тойлорду өткөрүүнүн азыркы заманга ылайык үлгүсү зарыл экени тууралуу пикирлер басымдуулук кылат. Айрым учурларда той ээлери кредит алып, аны жаба албай, карызга батып жатканы да жашыруун болбой калды.

Көптөгөн тойлор байлыгын даңазалоо, обу жок мактануу менен коштолууда. Буга байланыштуу тойлорду жөнөкөйлөштүрүү жана ысырапчылыкка бөгөт коюу максатында КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги той өткөрүүнүн жаңы үлгүсүнүн сценарийине конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты:

  • Тойлорду өткөрүүнүн дүйнөлүк мыкты тажрыйбалары менен улуттук салттарды жана жөрөлгөлөрдү шайкеш келтирүү;
  • Ысырапчылыкка бөгөт коюу;
  • Сырттан алынган, сапатсыз кийим-кечектерди, буюмдарды кийитке, белекке таратуу адатынан, кыскасы, ашыкча чыгымдардан арылуу;
  • Тойлордо тамак-аш тартуунун жаңы жол-жобосун иштеп чыгуу (ар башка азыктарды, суусундуктарды жана ичимдиктерди тынымсыз керектөөнүн артынан саламаттыкка зыяны тийип жатканын медиктер айтып жатышат);
  • Той өткөрүүнүн жаңы маданиятын калыптандыруу (тамадалардын ролу, ырчы-бийчилердин биринин артынан биринин катышуусу ж.б.у.с.).

Конкурсту өткөрүү тартиби:

 

  • Конкурска каалоочулардын бардыгы катыша алат;
  • Сценарийлер мамлекеттик же расмий тилде кабыл алынат;
  • Сценарийлерде үйлөнүү үлпөтүн, маарекелерди, тушоо кесүү, сүннөт тойлорду өткөрүүнүн жаңы жол-жоболору камтылууга тийиш;
  • Конкурска жиберилген сценарийлер

“Тойдун өткөрүүнүн жаңы үлгүсү сценарий конкурсуна”  деп белгиленип, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маданиятты, искусствону жана кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү башкармалыгына жөнөтүлөт.

Дареги: Бишкек ш., Пушкин көчөсү. 78; электрондук дареги: [email protected]; байланыш тел. (0312) 621194, 623497

  • Кабыл алуу мөөнөтү: 2018-жылдын 1-майынан 15-сентябрь саат 12.00гө чейин;
  • Конкурсту өткөрүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 11ден кем эмес адамдан турган калыстар тобу түзүлөт;
  • Калыстар тобунун мүчөлөрү конкурска катыша албайт;
  • Конкурста жеңип чыккан авторлор (саны чектелбейт) үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 200 000 (эки жүз миң) сом сыйлык ыйгарылат:
  • 1-орун үчүн 100 000 (жүз миң) сом;
  • 2-орун үчүн 70 (жетимиш миң) сом;
  • 3-орун үчүн 30 (отуз миң) сом.

Калыстар тобу: 

  1. Султан Жумагулов, министр – калыстар тобунун төрагасы
  2. Эмил Токтошев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты
  3. Бектемир Мурзубраимов, академик
  4. Үмүт Култаева, профессор
  5. Түгөлбай Казаков, коомдук ишмер
  6. Эшенкул Барпиев, алып баруучу
  7. Элмира Ногойбаева, «Полис Азия» аналитикалык борборунун жетекчиси
  1. Искендер Ормонов, “Седеп” аналитикалык борборунун жетекчиси
  2. Тургунбай Алдакулов, министрлик алдындагы Улуттук маданий борбордун жетекчиси
  1. Нуржигит Кадырбеков, “Ыйман” фондусунун жетекчиси.
  2. Олжобай Шакир, журналист

Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маалымат таратты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты