Венера Ташманбетова: “Ар бир сыркоо баянын уксаң ыйлагың келет. Жумасына 16 миң сомдук дарыны алар кантип алат?”

Венера Ташманбетова:  “Ар бир сыркоо баянын уксаң ыйлагың келет. Жумасына 16 миң сомдук дарыны алар кантип алат?”2018-жылдын 25-апрелинде КР Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жеңилдетилген гемодиализ алууга муктаж бейтап туугандарынан турган топ менен жолугушуп, алардын көйгөйүн укту.

—Бүгүн 190 адам кезекте турат, — деди Кыргызстандагы Диализдик бейтаптар коомунун төрайымы Венера Ташманбетова. – 24-апрелде болуп өткөн кезексиз комиссиянын чечими боюнча биз ММК Фондунун линиясы боюнча тогуз адамды жеңилдетилген гемодиализге, жана бир адамды бюджетке өткөрдүк. Бирок эртеси эле үч адам бул кезекке кошулган. Биз бүгүн Саламаттык сактоо министрлигине аталган көйгөй али чечилбегендигин жана бейтаптар өз кезегин зарыгып күтүп жатышкандыктарын эскертип коёлу деп келдик. Ар бир бейтап баянын угуп, ыйлагың келет, себеби жумасына 16 миң сомду түзгөн  кымбат баалуу дарылануу үчүн ар бир адамдын эле мүмкүнчүлүгү жете бербейт» деди ал.

Министр чогулгандарды уккандан кийин бул маселени чечүү мезгил талабы экендигин белгилеп, бир кездерде үй-бүлөсүндө дагы ушундай кырдаал болгондугун жана кезек күтүү кандай оор экендигин жакшы түшүнө тургандыгын белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты